Кыргыз жигитине ашык болгон япониялык балерина кыргыздарга кызмат кылууда

0

Каганат.

«Балет – бийлердин ханышасы» деп айтылат. Бутунун учу менен жеңил басып, кудум ак кууну элестеткен япониядан келген балерина Мэгуми Мацумото кыргыз сахнасын багындырууда. Опера жана балет театрына маектешүү үчүн барганымда эртең, 18-ноябрда болчу “Дон Кихот” спектаклине даярдык көрүлүп жаткан экен. Япон кызынын алыс жактан ат арытып дал ушул кыргыз жергесине келүүсүнө сүйүүсү – Атабек Садиркулов себепкер болгон. Ооба, Мэгуми кыргыз жигитине ашык болуп, ата-бабасы тааныбаган, үч уктаса түшүнө кирбеген өлкөгө келген. Эмесе япон балеринасынын сүйүүсү, жашоосу, кыялы тууралуу төмөнкү маекте.

 -Мэгуми айтсаңыз балет дүйнөсүнө кандайча аралашып калдыңыз эле?

– Мен 3 жашымдан баштап эле Токиодогу балет студиясына бара баштагам. Буга улуу эжем түрткү болду. Балет дүйнөсүнө эжем биринчи баш бакканы менен мен бул өнөрдү таштабай келем. Атам искусствонун бул түрүн абдан жакшы көрөт. Ошондуктан кыздарын балерина кылгысы келсе керек. Учурда атам мени менен сыймыктанып, Кыргызстанга келсем деп кыялданып калат. Эң кызыгы Кыргызстанда балериналарды  келбетине, салмагына карап тандап алышат экен, бизде болсо ким кааласа студияга барып, машыга берет.

-Алыскы Токиодо жүрүп Кыргызстанга кантип келип калдыңыз?

-Кыргызстанга келүүмө сүйүүм себепкер болду деп айтсам болот. Токиодо балет менен алек болуп жүрүп, 15 жашка чыкканда Америкада өткөн эл аралык сынактан жеңип алдым. Мени жактырып калышып, Орусиянын Пермь шаарына билим алууга чакырышты. Ал жакта 4 жыл билим алган соң Москва театрында иштеп жүрдүм. Москва мага сүйүүмдү таап берди. Андан соң Кыргыз жерине келип калдым.

– Москва сүйүүмдү таап берди деп калдыңыз, кыргыз жигити сиздин жүрөгүңүздү кантип багынтып алды?

– Биз алгач Москвада гастролдо жүргөндө таанышканбыз. Атабек менен алгач дос катары эле сүйлөшүп жүрчүбүз. Кийинчерээк достугубуз сүйүүгө айланды. Мага Атабектин чечкиндүүлүгү, мага кылган мамилеси жакты. Мен сени ата-энем менен тааныштырышым керек, ал үчүн Кыргызстанга барабыз деди. Мен макул болуп келгем. 2 жыл болду Кыргызстанда жашап жатабыз.

-Кыргызстан сизге кандай таасир калтырууда?

-Башында көнө албай, кыйналып жүрдүм. Дүкөндөр, кафелер, көңүл ачуучу жайлар өтө эле аз экен. Азыр болсо Кыргызстанды абдан жакшы көрөм. Бул жактагы жашоо мага абдан кызыктуу сезилет. Токиодон баары шашып, жумуш деп эле жүрүшөт. Анан дагы кыргыз тамактары жакты. Баары экологиялык жактан таза экен.

-Япониялыктар менен кыргыздардын кандай айырмачылыктары бар экен?

-Японияда баары эмгекчил келишет. Көп убактыларын жумуш менен өткөрүшөт. Кыргыздар кичине жалкоо калктай сезилди. Ошон үчүн дагы бул жакта жай турмуш болсо керек. Анан да кыргыздар көп кечигишет экен. Мына, мына 5 мүнөт дегендер көп экен. Бирок кыргыздар сыйчыл, ак көңүл, боорукер эл экен.

-Ал эми кыргыз балети менен япон балетинин айырмачылыктарын байкай алдыңызбы?

-Эң кызыгы Японияда балет мектептери жок. Жалаң эле жеке адамдар ачкан студиялар бар. Бирок чоң балет театры бар. Анан дагы Японияда балет көрүү үчүн 100 доллар сарпташың керек. Кыргызстанда болсо билет баасы өтө эле арзан экен. Киного киргендей эле кире беришет тура.  Бул жакта балериналардын, балерондордун эмгеги бааланбайт экен. Айлыгыбыз эч нерсеге жетпейт. Японияда болсо маяна абдан жогору, 2 миң доллардан маяна алышат. Бирок мен үчүн эн маанилүүсү бийлөө. Акчасына деле карабайм.  Анан да Токиодо зал дайыма көрүүчүлөргө толуп турат. Бул жакта болсо спектакль бүткүчө залда отургандардын жарымынан көбү кетип калат.

– Балеринанын менюсу көпчүлүккө кызык болсо керек?

-Мен үйдөн япон, корей тамактарын жасайм. Азыр кафелер дагы көбөйбөдүбү, убактыбыз болгондо кафелерге барып тамактанабыз.  Таттууну, шоколадды, мармеладды абдан жакшы көрөм. Кайсы тамак жакса баарын жей берем. Биз дайыма репитиция кылып тургандыктан толуп кетүү коркунучу жок.

-Кыргыздын кайсы тамагын сүйүп жейсиз?

-Мага манты жана лагман өтө жагат. Кымыз ичип, чучук жеп көрдүм, бирок чучук көп жей албайм. 

-Баарын таштап, башка тармакка өтүп кетүүнү каалаган учурларыңыз болду беле?

-Балерина болуу үчүн талыкпаган эмгек керек. Буттарың мазоль болуп, ооруп, жанчылып калган учурлар да болот. Айрым учурларда жаракат дагы аласың. Былтыр сезон жаңы ачылганда кулап кетип белимди оорутуп алгам. 2 ай жатып калдым. Бирок азыр кудайга шүгүр баары жакшы. Ошондо балет тармагын таштап кетким келген. Бирок таштай албайм, бул тармак мени өзүнө тартып турат. Эмнеге билбейм.

– Келечекке койгон пландарыңыз?

Учурда 26 жаштамын 30 жашка чейин балет дүйнөсүнө өз салымымды кошсом дейм. Андан кийин бала төрөп, аларды тарбиялап үйдө отургум келет. Себеби карьера деп жүрүп балалуу болбой калгандар дагы бар да. Мурда Японияда жашагым келчү, азыр Кыргызстанда калууга деле макулмун. Себеби Япония деле мурун Кыргызстандай эле болгон. Азыр эле өнүгүп кетпедиби. Мен Кыргызстанды мурунку Японияга окшоштурам. Бирок буюрса балалуу болсом балдарымды бул тармакка жакындаткым келбейт. Абдан кыйын. Адам өтө күчтүү болушу керек. Балдарым мендей болуп кыйналышын каалабайт элем.

-Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн рахмат!

-Сиздерге дагы ыраазымын! ишиңизге ийгилик!

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

беш × үч =