Дүйнөлүк чемпиондукта коло медаль тагынган Улан Абдиманап уулун Жалал-Абадда өзгөчө шаң менен тосуп алышты

0

Каганат.

11-12-ноябрь күндөрү Орусиянын Сочи шаарында өткөн күжүрмөн самбо боюнча Дүйнөлүк чемпиондукта ИИМдин «Шумкар» ротасынын кызматкери Улан Абдиманап уулу 3-орунга ээ болду.

Мелдешке Кыргызстандан  17 спортчу (15 эркек, 2 аял) катышып, анын ичинен «Шумкар» полкунун Жалал-Абад шаарындагы ротасынын 1-взводунун сержанты Абдиманап уулу Улан 100 килограммдан жогору салмактагылар арасында коло медаль тагынган.

Улан Абдиманап уулун Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, жергиликтүү депутаттар, мектеп окуучулары, студенттер өзгөчө салтанат менен тосуп алышты.

“Буга чейин Ташкентте өткөн Азия чемпиондугунда 1-орунду ээлегем. Бул жолку беттеште алгач Бразилия, кийин Кореянын спортчулары менен беттештим. Мага колдоо көрсөткөн ИИМдин, ОИИБнин жетекчилигине, машыктыруучуларыма ыраазычылык билдирем”,- деди Улан Абдиманап уулу.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он + тогуз =