Транспорт министрлиги жолдордун сапатын көчмө лаборатория менен текшерет

0

Каганат.

Транспорт жана жол министрлиги курулуп жаткан жана колдонууга берилген жолдордун сапатын текшерүү үчүн көчмө лаборатория алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда ал лаборатория Чүй облусунун Сокулук айылында чогултулуп жатат.

Лаборатория “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү фургондо жайгашып, тиешелүү жабдуулар жана программалык камсыздоо менен жабдылган.

Анда жолдун сапатын текшерүүчү, эл аралык стандартка туура келеби же жокпу аныктоочу программалар орнотулган. Ошондой эле жолду үстүнөн тартуучу 4 камера жана башка жабдуулар бар.

Булак: Каганат

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

20 − 1 =