Атамбаев: “Бабанов келечеги кең жигит болчу”

0

Каганат.

Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иши боюнча чечимди сот чыгарарын президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-ноябрда маалымат жыйынында билдирди.

Ажо Бабаноду аяп жатканын кошумчалады.

“Кыргыздарга барганда ак калпагын кийип алып, Манас жөнүндө сүйлөйт. Он-Адырга барганда эмне жөнүндө сүйлөгөнүн уктум. Бабановду чындыгында аяп эле жатам. Келечеги кең жигит болчу”,-деди Атамбаев.

Ошондой эле президент Таластан Бабановду колдоп чыккандарды “Бабановиддер” деп атады.

“Манас атабыздын сөзүн окутпай, 300 адам чыгып алып ышкырып жатат”,-деди ажо.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

эки × 3 =