Рыскелди Осмонкулов “Даңк” орденин алды

Каганат.

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.  Жарлыкка ылайык, «Даңк» ордени менен:

Алымбаев Азамат Алымбаевич – Бишкек шаарынын № 2 клиникалык төрөт үйүнүн башкы врачы;

Асаналиев Алмаз Турдакунович – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;

Богатырев Валентин Борисович – «Аналитический консорциум «Перспектива» жоопкерчилиги чектелген коомунун координатору;

Өмүркулов Иса Шейшенкулович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Осмонкулов Рыскелди Каниметович – эстрада ырчысы;

Субанбеков Бакирдин Жамалович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

«Даңк» медалы менен:

Акенеев Жумакадыр Асанкулович – көз карандысыз эксперт;

Бакетаев Бакыт Кушбекович – саясат таануучу;

Догоев Дастан Давлетович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;

Кадыров Бахтияр Сабиржанович – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;

Какчекеев Токтогул – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын кеңешчиси;

Ормонов Кубанычбек Калыевич – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы «Кыргызжолтрансдолбоор» долборлоо жана изилдөө институтунун курулуш иштери боюнча директордун орун басары;

Усупбекова Айнура Максатбековна – көз карандысыз эксперт, «Таза Шайлоо» ассоциациясынын мурдагы жетекчиси;

Эгизбаев Азис Ибраимович – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Шайлоо технологиялары борборунун бизнес-талдоочусу сыйланды.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

9 − 4 =