Текебаевдин соту эртең уланат

0

Каганат.

Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароону иш убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу токтотту. Соттук коллега бул ишти кароону эртең, 21-ноябрда улантат.

 Белгилей кетсек, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Дүйшөнкул Чотонов дагы “коррупция” беренеси боюнча айыпталууда.

16-августта Текебаев жана Чотонов Биринчи Май райондук соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылган. Алардын мүлктөрү конфискацияланат.  Муну менен катар алардын абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.

2-октябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

6 + он =