“Ата Мекен” Саляновдун өлтүрүлүшү боюнча маселени ЖКнын жалпы жыйынына алып чыгат

0

Каганат.

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын кезексиз жыйынында депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун атылып өлтүрүлүшү боюнча жүргүзүлүп жаткан иликтөө иштери тууралуу маалымат угулду.

Аталган кылмышты изилдөө максатында түзүлгөн жумушчу тобунун башчысы, тергөөчү Сүйүнбек Аблатов иликтөө ишинин кызыкчылыгына ылайык толук маалымат айтуу мүмкүн эмес экендигин белгилеп, изилдөөнүн учурдагы жүрүшү тууралуу учкай кеп кылды.

Ал эми эл өкүлдөрү кылмышты ачуу иши кечеңдеп жатканын айтып, коомчулукту дүрбөлөңгө салган бул окуяны калыс иликтөөгө чакырышты. Депутат Садык Шер-Нияз бардык жагдайлар толук каралышы керектигин белгилеп, кылмыш ишин саясий өңүттө же каракчылык мүнөздө болгонун так аныктоо зарылчылыгына токтолду. Ошондой эле жыйынга тиешелүү укук коргоо органдарынын жетекчилери келбегендигине нааразы болгон фракция мүчөлөрү аталган маселени парламенттин жалпы жыйынына алып чыгуу чечимине келишти. 

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрына караган түнү Бишкекте депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

беш × үч =