Тармактык комитет Турак-жай кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү жактырды

0

Каганат.

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын турак-жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору талкууга алынды.

Мыйзам долбоору тууралуу баяндама жасаган юстиция министри Уран Ахметов кодексти өзгөртүүнүн максаты чет өлкөлүк жарандарга турак жайларды сатып алууга макулдук берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды жоюу экенин белгилеп, 2013-жылы кабыл алынган Турак-жай кодексинде бул түшүнүк киргизилген менен макулдук берүү тартиби аныкталбагандыгын жүйө келтирди. Андан тышкары, аталган мыйзам долбоорунун алкагында чет ара аймактарында чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын турак-жай салып же сатып алуусуна чектөө киргизүү сунушталгандыгы белгилүү болду. Эл өкүлдөрү кодекске киргизилип жаткан өзгөртүү туура экендигин белгилешип, ыйгарым укуктуу органды жоюу аркылуу бул жааттагы коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга болорун кошумчалашты. Алсак, депутат Азамат Арапбаев чет өлкөлүк жарандардын турак-жай сатып алуусуна эркиндик берүү менен өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган инвестициялык долбоорлорду да ишке ашырууга болорун билдирди.

Ал эми депутат Дастан Бекешов инвестициялык виза жана чет өлкөлүк жарандардын ишкердик жүргүзүү ишмердүүлүгүнө байланышкан карама-каршылыктарды жоюу керектигине токтолду.

Талкуу соңунда, сунуш-пикирлерди эске алуу талабы менен мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

 

Бөлүшүү:

Пикир

1 × бир =