ЦУМдун жанындагы жер алдындагы өтмөктө электр пандустары 2 жумадан кийин орнотулат

Каганат.

Бишкек  мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, ЦУМдун жанындагы жер алдындагы өтмөктө электр пандустары 2 жумадан кийин орнотулат.  

Маалым болгондой,  керектүү шаймандар Кыргызстанга алынып келди.

Жума аягында жабдуулар акырындап орнотула баштайт.

 Белгилей кетсек, ар бир электр жолчонун баасы 1 миллион сомду түзөт.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

беш × 4 =