Исаков Казакстан менен болгон абал сабак болгонун айтты

0

Каганат.

Премьер-министр Сапар Исаков Бизнес жана инвестиция боюнча кеңештин кезексиз жыйынында Казакстан менен болгон абал сабак болгонун айтты.

Ал буга чейин бизнес тармагы виза туралуу маселе көтөргөнүн кошумчалады.

Айтымында, учурда электрондук визалар кыска мөөнөттө берилүүдө.

“Кыргызстан тоолуу өлкө. Европа, Кытай, Америка рыногуна чыгуу үчүн биз жер менен же аба жолдору менен жүрүүбүз керек. Казакстан менен болгон абал бизге сабак болду. 5-баскычтагы аба мейкиндиги тууралуу маселени иштеп чыгуу керек. Дайыр Кенекеевдин төрагалыгы астында бул маселе каралууда”,-деди ал.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

13 − он =