III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 307 млн сом жумшалат

0

 

Каганат.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 307 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда ЖКнын жыйынында өкмот башчы Сапар исаков билдирди.

Айтымында, бул каражат 2018-жылдын бюджетинде каралган.

“Бул оюнду өткөрсөк, Кыргызстан туристтик жактан кызыктуу өлкө болуп, бул багытта бүткүл дүйнөлүк лидер болушуна өбөлгө түзүлөт”,-деди ал.

Буга чейин III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылдын күз айларында өтөру айтылган.

Эске сала кетсек, 2016-жылы өткөн II Көчмөндөр оюндарына жалпысынан болжол менен 2 миллиард сом жумшалган. Бул акча каражатынын 90 пайызы мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

беш − бир =