Исаков “Суу кодексине” өзгөртүү киргизүүнү колдогон депутаттарга ыраазычылык билдирди

0

Каганат.

Бүгүн, 23-ноябрда ЖКнын жыйынында премьер-министр Сапар Исаков “Суу кодексине” өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдогон депутаттарга ыраазычылыгын билдирди.

“Чоң рахмат бул абдан керектүү кадам болчу. Буюрса эми 8,5 – 9 жыл “Кумтөр” туруктуу иштейт”,-деди Исаков.

Депутат Нурбек Алимбеков “Кумтөрдөн” кошумча канча каражат түшөрүнө кызыкты.

“Салык 13 пайыз же 5,7 млрд сом бойдон калды. Айлана-чөрөнү коргоого 3 млн сом берилет”,-деди Финансы министри Адылбек Касымалиев.

Ал эми Сапар Исаков болсо “Кумтөр” дагы каражаттарды берип жатканын, онкологиялык ооруканага жана Ысык-Көлгө каражаттар бөлүнүп жатканын кошумчалады.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

жыйырма − 6 =