Кыргыз-казак чек арасында абал өзгөрө элек

Каганат.

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, Кыргыз-казак чек арасында абал дале өзгөрүүсүз.

 Маалым болгондой,  “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө 427 оор жүк ташуучу унаа кезекте турса, “Чоң-Капкада” тургандардын саны 200гө чукулдайт. Калган чек ара бекеттерде жарандардын жана машинелердин тыгыны жок.

10-октябрдан тартып Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн. Азыркыга чейин коңшу мамлекет буга жүйөөлүү себептерди келтире элек.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

5 × үч =