Сайдулла Нышанов Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын берүү керектигин айтты

0

Каганат.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов президент Алмазбек Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын ыйгарууну сунуштады. Мындай пикирин ал бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда билдирди.

Айтымында, эртең, 24-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев жаңы шайланган президент  Сооронбай Жээнбековго кызматын өткөрүп берет.

“Алмаз Шаршеновичтин тарыхта калчу жасаган иштери көп болду: Түндүк-түштүк альтернативдик жолу, “Датка-Кемин” электр линиясы, мындан тышкары жакында өткөн шайлоо. Биз шайлоо системасы эң өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирдик. Алмазбек Шаршеновичтин эмгеги 50-100 жылдан кийин да тарыхта калчу иш болду. Өзгөчө өз убагында демократиялык жол менен кызматын кийинки президентке өткөрүп бериши биз үчүн сыймык. Бул тарыхый окуя. Алмазбек Шаршеновичке “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын берүүну сунуш кылам”, – деди Нышанов.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

4 × 4 =