КЫРГЫЗ ПРЕЗИДЕНТТЕРИНИН АНТ БЕРҮҮ АЗЕМИ: АТАМБАЕВ КУДАЙГА АНТ БЕРГЕН, АКАЕВЧИ?

Каганат.

Ант берүүнүн мааниси

“Ант урсун” деп коёт кыргызда. Бул сөз Кудай урсун деген сөздөр менен тең ата айтылып келген. Кыргыз элинде “ант” деген сөз адамдын тулку-боюн титиреткен сөздөрдүн катарына кирген. “Ант берүү”, “ант алуу” дегендин өзү ыйык милдет катары эсептелинген. Антты бузган адам – “мындай берене менен жазаланат” деген мыйзам жок болсо да, эл ичинде жазадан дагы оор жаза – адам катарынан чыгаруу болгон. Антты бузуу – бул бүтүндөй бир элдин, бир улуттун намысына шек келтирген нерсе катары кабылданган. Антты бузган адам өзүнө чейинки жети атасына, өзүнөн кийинки жети муунуна чейин каргыш алып, жалпы уруусуна шек келтирген. Андай адамдар киши катарынан чыгып, “ант бузар” аталып, укум-тукумунун кадыры кыркылып, калк арасынан сый көргөн эмес.

Мисалы, Манас атабыз: “Эгерде айтканымды аткарбасам, сөзүмө турбасам, анда төшү түктүү жер урсун, төбөсү ачык көк урсун” деген. “Манастан” кийинки эле руханий мурастарыбызды аңтара берсек, анда ант берүү тууралуу бир нече учурларды кездештирсек болот. Ант берүү бул бир адамдын кызыкчылыгында эмес, бүтүндөй эл-журттун тагдырын чечкен учурда айтылгандыктан жоопкерчилиги абдан жогору. Ант берип жаткан адамдын дагы, ант алып жаткандардын дагы алдында бирдей милдет коюлат. Эгер ант берип жаткан адам сөзүнө турбай, айтканынан артка кайтса анда, анын антын алгандар анттын шарттарын түшүндүрүп, анын ишин көзөмөлгө алыш керек.

Азыр ант берүүнүн дагы шарттары өзгөрүлүп, баштапкы маанисин жоготту. Өзгөчө капитализмдин кириши менен адамдардын ортосундагы мамиле акча менен бааланып, адамдык нарк акчанын алдында калды.

Көчмөн кыргыз коому отурукташкан жашоого өтүп, 21-кылымда жашап жатып өзүбүздүн каныбызга сиңген адат-нарктан баш тартып, баш тартпасак дагы аларды формалдуу нерсе катары кабыл алып, маңызын жоготтук. Эгерде биздин ата-бабалар тээ байыртан бери ант берип келсе, ал эми ант берүүнүн башаты деп азыркы өнүккөн коом аталган өлкөлөр 18-кылымдын акырында гана киргизип отурушат.

“Инаугурация” деген сөздүн сырткы формасы гана башка болбосо, ал биздин “ант” деген сөзүбүздөн эч айырмаланбайт, болгону дүйнөлөшүү шартында ал комплекстүү ант берүү аземин өткөрүү салтанаты катарында кабылданып калды.

Жогоруда айтып өткөндөй, антташкан шартта ант берүүчүдөй эле, ант алган элдин, бийлик чөйрөсүнүн дагы милдеттери аткарылышы шарт. Биздин эки мамлекет башчыбыздын качып кетишин, бир гана өздөрүн күнөөлүү деп, айткан сөздөрүнө турушпаганын айтып келебиз. Ошондо (Акаев менен Бакиев) алар ант берип жатканда филармония менен Ак үйдүн жыйындар залынын алдыңкы катарында тизилип отурган, аттуу-баштуу аксакалдар менен бийликтеги элитабыз деген адамдар эмне үчүн кийин ант бузулуп жатканда унчукпай отурушту?! Ошол жерде бардыгы антты угушкан, бирок, тилекке каршы, кийин бир сөз айта алышкан жок. Эгер бул тарабынан алганда Бакиевдер да, Акаевдер да ошол учурдун, ошол чөйрөнүн курмандыгы болушту. Ант берүүнүн мааниси жөн гана бийлик бутактарынын жана 5 миллион элдин алдында чыгып сүйлөп коюшта эмес болуш керек.

Акаев алгач ант бергенде Түгөлбай Сыдыкбеков ак калпак кийгизген

Кыргызстандын президенти болгон Аскар Акаевдин биринчи ант берүү аземи 1991-жылы 11-декабрда болгон. Ант берүү аземи Ак үйдүн чоң залында (учурда парламенттин жалпы жыйындар өтчү зал) өткөн. Акаев ант бергенден кийин жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков ага ак калпак кийгизген.

Акаев шайлоодон 6 күн өткөн соң ант берген

1995-жылы 24-декабрдагы шайлоодо Аскар Акаев М.Шеримкулов менен А.Масалиевди утуп чыгып, 6 күн өтөрү менен, башкача айтканда 30-декабрда ант берген. Дал ошол жылы алгач “инаугурация” деген түшүнүк кирген

Акаевдин үчүнчү анты

Андан кийинки шайлоо 2000-жылы 29-октябрда өтүп, кайрадан Аскар Акаев жеңишке жетишкен. Ал эл алдында 9-декабрда Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда, Манастын эстелигинин алдында ант берген. Аземдин негизги конокторунун бири улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов болгон.

Бакиев: Ыйык Ата -Журттун жана Ала -Тоонун алдында ант берем!

2005-жылы болсо өлкө башына Курманбек Бакиев келип, 14-августта борбордук аянтта ант берген. Инаугурацияга бюджеттен 18 млн сом бѳлүнгѳн. Анын ичинен Ак үйдүн алдындагы фонтанды оңдоого 12 млн, “Ала-Арчадагы” үч резиденцияны жасалгалоого 2 млн, Ак үйдүн Чоң залын техникалык жактан жабдууга 3 млн, инаугурация өтүүчү “Ала-Тоо” аянтын кооздоо, отургучтарды орнотуу, оюн-зоок өткөрүү үчүн 4 млн сом жумшалган.

Салют-фейерверктердин коштоосунда өткөн бул иш-чарага күбө болуу үчүн 6 миңден ашуун адам келген. Алгачкы жолу ант берүү аземи радио жана теле аркылуу түз алып көрсөтүлгөн.

Бакиевдин инаугурациясына Казакстандын президенти Н.Назарбаев, Орусиянын Федерация Кеңешинин төрагасы С.Миронов, КМШ өлкөлөрүнүн аткаруучу катчысы В.Рушайло, Тажикстандын премьер-министри, Өзбекстандын, Белорусиянын парламент башчылары, АКШнын, Түркиянын министрлери жетекчилик кылган делегациялар, 11 өлкөнүн, 9 эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келишкен.

Балдар-кыздарга гүл карматып куттүргөн Курманбек Бакиевди Умай эне арча түтөтүп, аластап тосуп алган.

Бакиев мамлекеттик тилде 7 мүнөт: “Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына киришип жатып, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын ыйык сактоого, Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүн жана бүтүндүгүн коргоого, Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын эркиндиктери менен укуктарын урматтоого жана камсыз кылууга, бүтүндөй эл ишенип мага тапшырган Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин талыкпастан, ар намыстуулук менен алып барууга Ыйык Ата -Журтумдун жана Ала -Тоонун алдында ант беремин”,- деп  ант берген.

Бакиев экинчи жолу ант бергенде 60 жашта болчу

Курманбек Бакиевдин 2-жолку ант берүү аземи 2009-жылдын 2-августуна белгиленген. Бул жолку инаугурация Чолпон-Атада Коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн бейформал саммитине жана Курманбек Бакиевдин 60 жылдык кутман курагына туш келген.

Өкмөт үйүндө Бакиевдин расмий түрдө кызматына киришүү салтанаты болгон. Аземге ардактуу конок катары Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев катышкан.

Инаугурация учурунда Курманбек Бакиев оң колун Конституцияга коюп, кыргыз элинин алдында Ант берген. Андан соң мамлекет башчысына КР Президентинин күбөлүгү жана КР Президентинин Төш белгиси тапшырылган.

Ошол күнү кечинде “Ала-Тоо” аянтында расмий түрдө жаңы президенттин такка отуруусунун урматына тогуз жолу артиллерия залп атуу болгон.

Өткөөл мезгилдин президентинин инаугурациясы

Бул айым 2005-жылы март революциясында оппозициянын алдында, экс-президент А. Акаев белгилегендей, оппозициянын локомотиви болгон. Парламент тышкы иштер министри кызматына өткөзбөй койгондон кийин социал-демократиялык партиянын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп, 2009-жылы Бакиевге каршы көтөрүлгөн оппозициялык күчтөрдүн башында туруп, 7-апрелде кандуу төңкөрүштөн кийин Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүн жетектеп келди.

27-июнда болгон референдумда Конституция менен кошо кабыл алынган Баш мыйзамды ишке киргизүү жөнүндөгү мыйзамга ылайык, Роза Отунбаева 1,5 жылга президент болуп шайланган. Ошон үчүн расмий аталышта ал өткөөл мезгилдин президенти деп айтылат.

Отунбаеванын президенттик кызматка киришүү салтанаты Улуттук филармонияда өтүп, БШКнын төрагасы Акылбек Сариев Роза Отунбаевага президенттик күбөлүгүн жана штандарт менен төш белгисин тапшырган.

Андан соң Роза Отунбаева: “Биздин саясат – элдин социалдык мүдөөсүнө багыт алган саясат болушу керек. Ал үчүн – элдик бийлик элге гана иштеши зарыл! “Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок” деген көөнөргүс ылакап менин Президенттик урааным болуп калат. Азыркы экономикалык, саясый, тарыхый жагдайды эске тутуу менен курулай кыялдардан алыс болуп, элге, жерге жакын сөздөрдү сүйлөйүн. Эртең асмандан айды алып берем, бүрсүгүнү майкөл-сүткөл кылам деп, орундалбай турган убадаларды бербейм. Мен, Исак кызы Роза Отунбаева, акыйкат коомго чыйыр салууну, өлкөдө адилеттүү башкаруу системасын түптөөнү бир жарым жыл ичинде аткара турган Президенттик озуйпам деп билемин. Ал озуйпамды орундатууга бүт кудурет-күчүмдү жумшамакчымын”-деген.

Атамбаев антты Кудайга берген

2011-жылдын 1-декабрында Кыргызстандын тарыхында төртүнчү президент 55 жаштагы Алмазбек Атамбаев буга чейинки ата-бабаларыбыздын арбагынын алдында да, кийинки муундардын алдында дагы антын, сөзүн берген.

Ал эми коомчулуктун көңүл чордонунда президент айта турган анттын тексти кызыгууну жаратып, ал гана эмес президенттин анты мындай болуш керек деп, айрым өкүлдөрү өздөрүнүн да варианттарын жарыялап жибергенге үлгүрүшкөн.

Андан сырткары акыркы Конституциянын өзүндө дагы президенттин антынын тексти бекитилбей унутта калган.

Ошондуктан СДПКнын фракция башчысы Чыныбай Турсунбеков анттын текстин парламентке талкууга койгон.

Бул жолку президенттик анттын текстиндеги өзгөчөлүктү президент болуп шайланган Атамбаев өзү киргизип, башкача айтканда “Кудайдын алдында ант берем” деген сөздү кошуп койгон.

Аны болсо, Турсунбеков: “Алмаз Шаршенович Кудайга ишенген адам, ошон үчүн киргизип жатат” деди. Ооба, Атамбаев Кудайга ишенгенин ашыкча көрсөтүп, айт намаздарында эл алдында намазга жыгылганга чейин барып жатпайбы. Мындай көрүнүш исламды мамлекеттик дин кылган айрым өлкөлөрдө да жок.

Чыныбай мырзанын алып чыккан вариантын бешинчи чакырылыштын депутаттары туш-тарабынан сындап дагы жиберишкен. Алсак, Ширин Айтматова “Эгер атеист президент келсе эмне кылабыз, кайра өзгөртөбүзбү?” дегенге чейин барган.

Ал эми Мыктыбек Юсупов «антка Кыргызстандан качпайм деген сүйлөмдү да кошуп коюш керек» деген оюн тамаша-чындап билдирген. Иши кылып, ары-бери тартышып жатып, мыйзамды өткөрүшкөн.

Инаугурацияны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жетекчиси, ошол мезгилдеги президенттик аппараттын башчысы Эмилбек Каптагаев,

“Жаӊы шайланган президент Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясына 10 миллион сомдун тегерегинде акча кетет. Шайлоо бир эле тур менен жыйынтыкталгандыктан, экинчи турга деп болжолдонгон 160 миллион сом үнөмдөлүп калды. Инаугурацияга деген акча ошол суммадан алынмай болууда,- деп жар салган.

Ант берүү аземинин башында кызматын өткөрүп берип жаткан мамлекет башчысы Роза Отунбаева сөз сүйлөп, Алмазбек Атамбаевге Кыргызстандын тагдыры үчүн бийик жоопкерчиликти өткөрүп берип жатканын айткан.

Атамбаев ант берүү аземинде: “Россия жана коңшу өлкөлөр менен биздин тарых да, келечегибиз да бир!” – деп кошумчалаган.

“Мен Кудайдын жана элимдин алдында мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын, адилеттүү ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Конститутциясын так аткарууга, элимдин биримдигин жана мамлекетибиздин бүтүндүгүн жана коопсуздугун сактоого жана ант беремин”,-деп президенттик антын берген соң Алмазбек Атамбаевге БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов президенттин күбөлүгүн, төш белгисин жана штандартын тапшырган.

Жаңы президенттин урматына 7 жолу залп атылган.

Инаугурация аземине Түркия президенти Абдулла Гүл, Грузия президенти Михаил Саакашвили, Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов, Тажикстандын премьер-министри Акил Акилов жана Азербайжандын өкмөт башчысы Артур Раси-заде баштаган ондон ашуун өлкөдөн коноктор, эл аралык жана аймактык уюмдардын башчылары катышкан.

Атамбаев Жээнбековду жетелеп ант бердиртти

Ал эми 2017-жылдын 15-октябрында шайланган президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-ноябрда салтанаттуу түрдө ант берип, президенттик кызматка киришти. Инаугурация «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы «Эне-Сай» конок үйүндө өттү.

Ага 450 адам келгени айтылганы менен  чет өлкөнүн бир дагы мамлекет башчысы конок катары чакырылган жок.

Башка президенттердин ант берүү аземинен өзгөчөлүгү кызматын өткөрүп берип жаткан Алмазбек Атамбаев Жээнбековду колтуктап, баардык ишти бирге кылышарын айтып, колун коё берген жок. Буга чейин ант берүү аземине 8 млн 404 миң 248 сом сарпталары айтылган болчу.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

12 + он үч =