ПОЭЗИЯ. Калчоро Көкүлов: “…Башкалардын сурагында жүргөнсүйм, Баягы бир кыргыз кирип түшүмө…”

Каганат.

Күнүмдүк турмуштун көр түйшүгүнөн чарчадыңызбы, анда төмөнкү ыр саптары сиздер үчүн.  Жер жарылса акындын жүрөгү аркылуу өтөт дешет. Аның сыңарындай сезим кылдарын черткилеген, элибиздин белгилүү акындарынын бири Калчоро Көкүлов агабыздын поэзиясынын сыйкырдуу саптары сизди да кайдыгер калтырбайт деп ишенебиз.

Калчоро Көкүлов -Жалал Абад дубанына караштуу Ленин аймагынын (азыркы Ноокен) Сакалды айылында 1953-жылы 26-февралда жарык дүйнөгө келген. 1970-жылы Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы М.Горький атындагы орто мектепти аяктап, Нарын гидроэнергокурулуш мекемесинде иштеген. 1971–1976-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган.

Чыгармачылыгы мектепте окуп жүргөндө башталып, 1970-жылдан ырлары Токтогул райондук «Учкун» гезитине жарыялаган..

1977-жылдан Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде иштеп келет.

Алгачкы «Күзгү обон» аттуу ырлар жыйнагы 1982-жылы жарык көргөн.

1991-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө.

Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.

                               ***

Шарт ушул бири билбей, бири билип,
Шашылып бири чыкса, бири кирип.
Бул турмуш чамгарагын атып турду,
Бул дүйнө жүрүп турду чимирилип.

Бирибиз алыс кетип атагыбыз.
Бирибиз азга жетпей капалуубуз.
Ашууну болжоп атсак да бирибиз,
Агарды бирибиздин сакалыбыз.

Бирибиз арамдыка жоро болуп,
Бирибиз арсар ишке жолободук.
Бул жашоо бир жаңырып, бир эскирди,
Бир ушул дүйнө турду тоголонуп.

Аргымак атты миндик азанатып,
Аш бердик, той чакырдык казан асып.
Бирибиз арыш керсек оомат тилеп,
Бирибиз аксап турдук жаза басып.

Бирибиз, жолдо калдык тебеленип,
Бирибиз жондо калдык көмөлөнүп.
Бир гана аалам турду аласалып, 
Бир гана дүйнө турду тегеренип…

                        ***

Далайларды көргөн болдук көз менен,
Далайларды уккан болдук сөз менен.
Көөдөндөргө эрибеген муз тоңуп,
Көкүрөккө тактар түштү өчпөгөн.

Далай жолу далай ырды ырдадык,
Далайларга турдук далай кырданып.
Далай жерден далай ирет кулпуруп,
Далай жерден далай ишти булгадык.

Далай жүрдүк, далайлардан коргонуп
Далайлардан кепсен алдык жол болуп.
Алда нечен кайыр күтүп бөлөктөн,
Атаң көрү алтын башты кордодук.

Далай менен ынак болдук кылгырып,
Далайларды жүрдүк катып сыр кылып.
Канчалардын көңүлүнөн түнөк таап,
Канчалардын көңүлүнөн ыргыдык.

Далай жолу, далай жүрдүк жарыбай,
Далай жолу булут басты жарык ай.
Ким бирөөгө катып турсак таш болуп,
Ким бирөөгө керек болдук дарыдай.

Далай жолу сөз сүйлөндү илептүү,
Далай отко салып бердик жүрөктү.
Оомал-төкмөл ойну тура турмуштун,
Ошо менен өмүр өттү, күн өттү.

Далайлары далай жолу башкарды,
Далайлары далай жолу ташка алды.
Көөдөндөргө эрибеген муз тоңуп,
Көкүрөктө кетпей турган так калды…

                ***

Бир калаада, бир тарапта көчөбүз,
Бир жол менен эки бөлөк кетебиз.
Анан неге аягынан башына,
Айта берчү айың болдук экөөбүз.

А мен турам жалган сөздү эп көрүп,
Жалаа, имиштин жалынына өрттөнүп.
Жок дегенде жомок менен жоромол,
Жолубузда жанып турсун көрк берип.

Мени болсо тажаал турмуш кыйнады,
Сен адеми жан экенсиң ыйбалуу.
Күкүк менен зейнеп жүрчү бул жолдо,
Күйүп турсун айткандардын ыйманы.

Тагдыр бизге жасаган жок ырайым,
Табыштырып тамшантпады кудайым.
Аныгынан төгүнү көп бул жолдун,
Айың сөздөр абат кылсын чырайын .

Бул жол менен ал өтөөр да, бул өтөөр,
Бул жол менен ай өтөөр да, күн өтөөр.
Ак карасы аралашкан алп дүйнө,
Акыр жүрүп аргабызды түгөтөөр.

Бир өмүрдү эки бөлөк кечебиз,
Бир мүдөөнү эки бөлөк эшебиз.
Бир өмүрдө бирин-бири издеген,
Бир өзүнчө жомок болдук экөөбүз…

                ***

Мен турмуштан издебедим жеңилди,
Отко салдым, сууга салдым өмүрдү.
Күйүп турдум алоо болуп жалбырттап,
Ийип турдум ийлегендей темирди.

Мен жашоодо мансап деле күтпөдүм,
Манчыркама маңызына түшпөдүм.
Чала бышып калбайын деп камектей,
Чаңызгытып чаң-топондо иштедим.

Жамандардын көрдүм канча азабын,
Жакшылардын бөлдүм канча назарын.
Жамандардын жазгырыгы жанды жеп,
Жакшылардын жарыгында жашадым.

Далай төнүп, кайра далай табылдым,
Акыл калчап артын туттум сабырдын.
Эчен ирет суудан чыктым тазарып,
Эчен ирет отко түшүп жаңырдым.

Аруулуктун азабынан качпадым,
Азгырылма арам ишке баспадым.
Жакшылыгын берип турду эне жер,
Жарык нурун төгүп турду асманым.

Мен турмуштан издебедим тегинди,
Издебедим сыйкылыкты, төгүндү.
Оттой аруу, суудай тунук болом деп,
Отко, сууга салып турдум өмүрдү…

                        ***

Кысыр отту келип кээде тамгызгым.
Кышта туруп жытын эңсейм жалбыздын.
Бирок дагы бул турмуштун бири мен,
Бир жагында сен барыңдан -жалгызмын.

Ырыс-кутка толуп турат этегим,
Ызы-чуусу болуп турат көчөмүн.
Бирок дагы бир дүйнөнүн бири мен,
Бир жагында сен барыңдан -жекемин.

Канча күлдүм, канча жаркып кубандым,
Канча эсепти каалагандай чыгардым.
Өзөлөнүп эстей берчү өмүрдө,
Өктө-зарде сен барыңдан- сыңармын.

Ойлогондо ооруп турат жүрөгүм,
Очор-бачар толуп турат тилегим.
Бул жашоодо сенин нуруң азгырып,
Бул жашоодо сен барыңдан- бирөөмүн.

Канча бүрдөп, канча гүлдөп жалчыдым,
Канча күлүп, кабак ачып жаркыдым.
Бирок ушул тирүүлүктүн бири мен,
Бир жагында сен барыңдан -жалкымын.

Барга бардай, жокко жоктой түтүпмүн,
Барды бардай, жокту жоктой күтүпмүн.
Бул жалгандын зейнеби сен барыңда,
Бул жалгандын зардеби мен- күкүкмүн…

                ***

Коругансып бөлөк элдин үрөөнүн,
Короосунда күн көргөнсүп бирөөнүн.
Сырттан деген затым калып капкайда,
Сыздап жүрөт кыргыз бүткөн жүрөгүм.

Бөтөн элдин салган өңдүү токумун,
Бөтөн журттун алган өңдүү отунун.
Кың дей албай мендикердей күн көрөм,
Кыйрагандай кыргыз бүткөн кошунум.

Башкалардын күүгүмүндө, таңында,
Башкалардын толкунунда, шарында.
Кыйын кыстоо күндө калып буулугам,
Кыргыз деген кыян жүрүп канымда.

Бар мүдөөмдү басып алып ичиме,
Бапа болчу байым таппай кичине.
Башкалардын сурагында жүргөнсүйм,
Баягы бир кыргыз кирип түшүмө.

Ээсиз, башсыз эл болдук го бечел бир,
Элди бузган балдар чыкты эчен бир.
Эркинмин деп илебине нан бышкан,
Энөө кыргыз, эндей кыргыз эсен жүр.

Ким бирөөнүн чапкан өңдүү арыгын,
Ким бирөөнүн тарткан өңдүү чалымын.
Сырттан деген арым кычап бул күндө,
Сыздап турат кыргыз бүткөн тамырым…

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

6 + он эки =