Жаңы жылга карата Бишкекти 15 млн сомго кооздоого бир эле компания арыз берген

Каганат.

Жаңы жылга карата Бишкек шаарын кооздоо боюнча конкурска катышуу боюнча бир гана компания арыз берген. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрда конкурска катышуу тууралуу арыздар ачылган. Анда бир гана компания – Grand PRO ЖЧКсы арыз берген. Аталган компания борборду кооздоо ишин 15 млн 580,5 миң деп баалаган.

Белгилей кетсек, быйыл ушул эле компания Бишкектеги Ала-Тоо аянтын Нооруз жана Эгемендүүлүк майрамына карата кооздогон.

Эске сала кетсек, «Бишкексвет» ишканасы Бишкекти жаңы жылга карата кооздоого 15 млн 767 миң 650 сом бөлүүгө даяр экенин билдирген.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

7 + 11 =