Кут түшкөн жердин кулуну – Бейшенбек Болотбеков

Каганат.

Бейне

Мезгил өзү кимдин ким экенин аныктайт эмеспи. Айрыкча, нарк-насил сыяктуу улуттун өзөгүн түзгөн сапаттар изин жоготуп бара жаткан мезгилде  арабыздагы адамдардын адал эмгеги бааланбай, көз жаздымда калып жатканы кимди болсо өкүнүчкө салбай койбойт.

Ага караганда кимдин канча байлыгы, бийлик бутактары менен мамилеси гана эске алынган учурда инсандын иш билгилиги, асыл сапаттары, эл үчүн жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кылган эмгектери  бааланбаган учурда жашап жатканыбыз жалпы журтубузга белгилүү.   

Жеке тагдырын жана өмүрүн кыргыз элинин келечегине багыттаган сейрек кездешүүчү мындай адамдардын катарына Бейшен Болотбековду кошууга болот. Касиеттүү Кочкордун кулуну Бейшенбек Болотбековду замандаштары жана улуу-кичүүлөр өз ишинин устаты, мыкты саясатчы, өз мезгилинин чыныгы инсаны деп билишет. Бүгүн биз кут түшкөн жердин кулуну, кыргыздын мыкты атуулдарынын бири-Болотбек Бейшенбеков тууралуу кеп козгоону тура көрдүк.

Өмүр баяны

 Болотбеков Бейшен Болотбекович 1955-жылы 18-сентябрда Нарын дубанына караштуу Кочкор аймагынын Кызыл-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген.

Билими: жогорку.

1972-1978-жылдары Фрунзе политехникалык институтунун архитектура жана курулуш факультетин “инженер куруучу” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу

1978-1980-жылдары Кыргыз курорт кеңешинин инженери, улук инженери;

 1980-1986-жылдары Кыргыз курорт кеңешинин башкы инженери, ремонттоо-курулуш башкармалыгынын начальниги;

1986-1990-жылдары-Беш –Күңгөй МПМКсынын начальниги;

1990-1991-жылдары – Кыргыз ССР Мамагро өнөржайынын капиталдык урулуш боюнча республикалык бирикмесинин начальнигинин орун басары;

1991-1993-жылдары- эл депутаттарынын Нарын областык мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;

1993-1996-жылдары – Нарын областынын губернатору;

1997-2001-жылдары – Кыргыз Республикасынын архитектура жана курулуш министринин орун басары. “Нарын областынын жаратылыш ресурстары” китебинин автору.

2001-2004-жылдары түз инвестицияларды тартуу боюнча республикалык борбордун директору;

2005-2005 –жылдары Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министринин орун басары;

2005-2008 –жылдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин директору;

2008-2010 – жылдары Талас облустук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси;

2013- жылдан баштап, “Улуттар Биримдиги” элдик партиясынын төрагасынын орун басары;

Мамлекеттик сыйлыктары: Чек араны коргогону үчүн” медалы  (Россия  Федерациясы), Манас  1000 юбилейлик медалы менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу. Нарын областынын, Кочкор районунун ардактуу атуулу

 Аликбек Жекшенкулов, мурдагы тышкы иштер министри: “Адамдык сапаты менен абийири жогору ”

Бейшен Болотбековду көптөн бери билем. Тактап айтканда, 1980-жылдары Аламүдүн районундагы чоң курулуш мекемесинин жетекчиси болчу. Ошондон бери депутат, министр, Нарын, Талас облустарында губернатор болду.

Кайсы жерде иштебесин өзүн таза иштеген, мекенчил, кесипкөй инсан катары көрсөтө алды.  Бул кишинин адамдык сапаттары, абийири да жогору. Коомдук ишмер катары дагы элдин арасында аброю бийик. Мен Бейшен Болотбековичти сабырдуу инсан катары да жогору баалайм.

Накен Касиев, замандашы: “Кытай менен болгон алакаларды жөнгө салган”

-Бейшен Болотбеков эгемендүүлүк жылдарында өлкөгө чоң кызмат кылганын эч кимибиз тана албайбыз.  Нарын облусундагы экинчи губернатор Бейшен болду. Ал учурда Нарын дубаны экономикалык жактан артта калган облустардын катарында эле. Мына ошол артта калган облустун ишин алдыга жылдыргандардын бири – Бейшен Болотбеков болду.

Нарын облусундагы инфраструктураны, соода-сатыкты жана бир катар социалдык маселелерди гана жөнгө салбастан, Кытай менен болгон алакаларды жөнгө салды. Андан соң Талас дубанына губернатор болду. Талас эли бүгүнкүгө чейин бул инсанды ооздорунан түшүрбөй жакшы жагын гана сыймыктануу менен айтып келишкенин анын алгылыктуу иштерди жасаганынын натыйжасы деп билем.

Ошондой эле Өз алдынча башкаруу жана аймактык өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиктин директору болуп турганда, айыл-өкмөттөрдү өнүктүрүүгө зор салым кошуп, Кыргызстан боюнча өз алдынча башкарууну жакшы жолго салууга бар күчүн жумшады.

Адамдын адамдык касиети анын адамгерчилигинен билинет дегендей, кандай иште иштебесин, жөнөкөйлүгүнөн жазган жок. Мен аны кандай ишти баштабасын, аны аягына үзүрлүү чыгарган, мыкты жетекчилердин бири деп билем.

Шамшыбек Медетбеков, Нарын облусунун экс-губернатору: “Жаш кезинен жетекчиликке такшалган”

-Бейшен Болотбекович адамгечилик сапаты жогору, кичүүгө кичүүдөй, улууга улуудай мамиле кылган инсан. Мүнөзү токтоо, жигиттик сапаты жогору, ар бир маселени ийне-жибине чейин тактап иш алпарган адам.

Жаш кезинен жетекчилик кызматтарда иштеди. Жаш чагында эле облусту жетектеп, жетекчилик жактан такшалды. Эки облуста губернатор болуп иштеди. Өз алдынча башкаруу жана аймактык өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиктин директору болуп турганда көп иштерди жасады. Айыл өкмөттөрүнүн деңгээлин көтөрүүдө, баркын, баасын жогорулатууда Бейшен Болотбековичтин эмгеги абдан чоң.

 Иман Кочкорбаев, Сот департаментинин экс-директору: “Анын дээринде көкүрөктүүлүгү, сатпаган туруктуулугу бар”

-Бейшен Болотбеков мекенчил, мамлекетчил инсандардын гана катарын толуктабастан ал тарыхты, санжыраны аябай кылдат билген жан дүйнөсү терең инсандардын катарын толуктайт. Санжыраны тереңден билген адамдардын жан дүйнөсүндө  түндүк-түштүк өңдүү аймактарга бөлүнүү жашабайт деген кептин чындыгын ушул киши далилдеп турган өңдүү.

Бейшен Болотбеков айткан сөзүнө турган, ак көңүл, чыныгы жигиттик сапаттарга ээ болгон коомдук ишмер. Ал кайсыл жумушка барбасын жигердүү иштегендигин билебиз. Анын дээринде эр жүрөктүүлүк, башкалар башын ката калчу жерден, аягына чейин туруп берген көкүрөктүүлүгү, сатпаган туруктуулугу бар.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

үч × 1 =