2018-жылдын 1-январынан тарта жөлөк пул берилип баштайт

Каганат.

“Мамлекеттик жөлөк пулдар тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрду киргизүү 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдан тарта балалуу болгон жана 3 жашка чейинки балдары бар баардык үй-бүлөлөргө жөлөк пулдар берилип баштайт.

-2018-жылы төрөлгөн балдарга «балага сүйүнчү» деп аталган бир жолу берилүүчү жөлөк пул берилет. Суммасы 4000 сом;

– 3 жашка чейинки балдарга ай сайын 700 сом көлөмүндө «балага жөлөк» деп аталган жөлөк пул берилет;

– 3 жаштан 16 жашка чейинки балдары бар 3 же андан көп балалуу үй-бүлөлөргө ай сайын 500 сомдон «үй-бүлөгө көмөк» деп аталган жөлөк пул берилмекчи.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

4 билдирүү

Пикир

он − беш =