Кечиресиз, бир собоол: Жалган ырдаган жерде, чындык чыркырайбы? 

Каганат.

-“Дүйнөңдү акырет үчүн сат, көп пайда табасың, акыретиңди дүйнө үчүн сатпа, бардыгын жоготосуң”-деп бир ойчул айтыптыр. Муну кандай түшүнөсүз? 

Темир Бирназаров, режиссер: “Акыретте жүзүң жарык болсун деген сөз”

-Диний көз карашта жакшылыкка, түбөлүккө, бул жалганда тапкан ташыганың адал болсун, жакшы иштерге, адамдарга пайда алып келе турган, жараткан ыраазы боло турган иштерге сарптап, акыретте жүзүң жарык болсун деген сөз.

-“Махабат адамдын көзүн туман, башын маң кылат”- дешет. Ушундай сезимдерге туш болдуңуз беле? 

Токтайым Үмөталиева,  укук коргочу: “Эркектердин көбүндө махабатка мастык кырк жашында деле токтобойт”

– Ой мындай сезимдер көз менен сүйүп, гормондор кайнап турган жапжаш мезгилде ар бир адамда болот. Менде мындай сезим турмуштун оош-кыйышын түшүнө электе болгон.

Жашың өтүп, ар нерсеге олуттуу карап калганда махабатка башка түшүнүк менен карайсың. Аял кишилер махабатка аяр мамиле кылышса, эркектердин көбүндө махабатка мастык кырк жашында деле токтобойт. 

– Жалган ырдаган жерде, чындык чыркырайбы? 

Топчубек Тургуналиев,  коомдук ишмер: “Азыр Кыргызстанда чиновниктер, чоңдор көп калп айтып калышты”

– Кээде каратып туруп калп айткандар болот. Аны көзүң менен көрүп туруп да далилдеп бере албай каласың. Тим эле устаттык менен калп айтышса, чындык чыркырап калбаганда эмне болот?

Кыргызда жакшы сөз бар, “Калптын казаны кайнабайт”-деген. Ар бир пенде калп айтып жаткан убакта ошону эстеп койсо ашыктык кылбайт. Азыр Кыргызстанда чиновниктер, чоңдор көп калп айтып калышты.

– “Түбөлүк достук да, түбөлүк кастык да жок, түбөлүк кызыкчылык гана бар”-деген кеп бар. Кошуласызбы? 

Арзыбек Кожошев, мурдагы экономика министри: “Түбөлүк достук бар, бирок, түбөлүк кастык жок”

-Түбөлүк достук бар, бирок, түбөлүк кастык жок.  Кээде ушундай учурлар болот, элдин кызыкчылыгы үчүн жеке өзүңдүн кызыкчылыктарыңдан баш тартасың. Анткени, элдин кызыкчылыгы түбөлүктүү. Ал эми жеке кызыкчылыктар түбөлүктүү болушу мүмкүн эмес.

-Өчүп бараткан сүйүүнүн жалыны үмүттүн бурчунда жашайт…”-деген ыраспы?

Раимжан Курбанов, “Кыргыз тили” коомунун Президенти: “Кыргыздын кыздарындай сулуу кыздарды көргөн жокмун”

-Билбейм кантип жооп берээримди. Мындайды башымдан өткөргөн эмесмин. Менин сүйүүм дагы эле жалындап күйуп турат. Он сегиз жашымда кандай сүйүү болсо, дале ошондой.

Анан калса, дүйнөнүн көп өлкөсүндө болдум. Бирок, кыргыздын кыздарындай сулуу кыздарды көргөн жокмун. Биз кыздарыбыз менен канчалык сыймыктансак жарашат. Кыргыздын кыздары сулуулугу менен эле эмес, өздөрүнүн билими, акылы менен да өзгөчөлөнүп келишет.

Шайгүл Алсейитова,  актриса: “Сүйүү үмүттүн бурчунда жашайт”

– Өзү эле айтып тургандай, өчүп бараткан сүйүү үмүттүн бурчунда жашайт. Себеби, сүйүү деген ыйык нерсе. Канчалык унутам, өмүрүмдөн таптакыр чийип салам деген күндө дагы чыныгы сүйүү улам жаңыланып эске түшө берет. Адамдын алтындай башы жерге кеткенде гана аны өзү менен кошо ала кетет.

Ар бир адам кайсы учур болбосун чыныгы сүйүүгө кезигет. Бул сөзсүз жашоодо болот. Аны аздектеп кармап калуу ар кимдин эле колунан келе бербейт.

-“Кайдыгерлик сүйүүнү өлтүрөт, унутуу болсо биротоло көөмп коет”-дейт. Бул чындыкка жакындашабы? 

Бубайша Арстанбекова, акын: “Сүйүү бул түбөлүктүү ыйык сезим”

-Менимче сүйүүгө кайдыгер кароого болбойт. Унутуп койууга да болбойт. Себеби сүйүү жан дүйнөңдө сакталып, өмүрүңдүн акырына чейин жүрөгүңдө жашап, акыретке өзүң менен кошо кетчү сырдуу нерсе. Бул ыйык сезимди башынан өткөргөн адам гана билбесе, ар бир адам сүйүүнү ар башка түшүнүп, ар башка баалайт.

Жашоодо чын сүйүүгө кабылып, анын тозогуна күйүп, бейишине мас болгондор да бар. Бирок сүйүүнү байлыкка, сулуулукка, бийликке аралаштырып бактылуумун дегендер да жок эмес. Ал эми сүйүүгө кайдыгер карап, сүйгөн адамына көңүл бурбай, же ал арзуусун айта албай өмүр бою арманда өткөндөр да аз эмес.

Жаш кезде чындыгында сүйдүм дегендерге ишенбейсиң, кийинчерээк жаш өткөн мезгилде сени сүйгөндөрдүн арасынан чындап сүйгөн адамды көрүп билип, ошондо өзүңдүн кайдыгерлигиңе баа бересиң.

Бирок сен кайдыгер болгон сүйүү, сени өмүр бою сүйүп жүргөн кишинин жүрөгүндө жашап жүргөнүн көргөндө бактылуу экениңе ишенесиң. Сен унутсаң да, кайдыгер карасаң да сүйүү жашай берет. Сүйүү бул түбөлүктүү ыйык сезим. Аны эч ким унутуп же көмүп койо албайт.

Кези келсе качандыр бир күнү эсиңе түшүп, айланды алты кетире турган улуу күч! Бул жарыкчылыкта жашап өткөн көптөгөн улуу инсандардын арзуусун угуп, көрдүм. Токсондон ашып калган бир жазуучу эже раматылык, өмүрүнүн акырында сүйгөнү арнап жазган ырын кайталап окуй берчү. Көрсө ар бир адамдын көкүрөктөгү өчпөс арманы ал өзүнүн чыныгы сүйүүсү болот экен деп ойлойм.

– Ажаан аял коркунучтуубу,  же акмак эркекпи? 

Жыпар Исабаева, акын-журналист: “Чынында эркектин – эркектей болгону аялдын, үй-бүлөнүн эле эмес, жалпы улуттун бактысы

– Менимче, экөө тең коркунучтуу. Анткени, ажаан, жаман аял – жакшы эркекти жаман, жаман эркекти жок кылат. Андай аялдар ооздугу жок атка окшойт, эч качан, эч нерсеге ээ-жаа бербей. Кеп жебейт. Андай аялга жолуккан байкуш эркектин шору болор. Эки элди эриктирбей, бир элди бириктирбей, эркекти дос-туугандан айрылтат. Айтор, андай аялдардан аял туруп мен корком. 

Ал эми акмак эркек жөнүндө… Менимче буга эркектик касиети жок, намыссыз, туруксуз, алдамчы, эки жүздүү, өз кызыкчылыгы үчүн баарын сатып жиберүүгө даяр турган, анан да ажаан аялдан айырмаланбаган эркектер кирсе керек. А чынында эркектин – эркектей болгону аялдын, үй-бүлөнүн эле эмес, жалпы улуттун бактысы деп ойлойм. 

Ылайым эле элибизде чыдамдуу, сабырдуу, акылман-даанышман эже, энелер, кыз-келиндер, анан ар-намыстуу, бычакка сап, атанын уулу жигиттерибиз көп болсо экен.

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

төрт × эки =