Криштиану Роналдунун сынга алынган скульптурасы кайрадан жасалды

0

Каганат.

Криштиану Роналдунун сынга алынган скульптурасына карата анын жаңысы жасалды.

Хосе Антонио Наварро Артеага жараткан бюст алда канча ийгиликтүү чыкканын спорт сүйүүчүлөр белгилөөдө.

Скульптордун айтымында, эстеликти жасоого Роналдунун күйөрманы болгон анын уулу суранган.

Белгилей кетсек,  быйыл мартта португалиялык футболчунун туулуп-өскөн Мадейра аралында ага бюст орнотулган.

Интернет  колдонуучулар  португалиялык чабуулчу өзүнө окшобой калганын жана бети түз эмес жасалганын  сындашкан.

 Эске салсак, 29-мартта Криштиану Роналдунун туулган жериндеги аэропортко анын ысымы расмий ыйгарылган.Ысым берүүгө жашоочулар тобу каршы чыкканына карабай, бийлик өз чечимине туруп бергенин футболчу белгилеп, ыраазычылык билдирген.

 Футболчу Португалиянын Мадейра аралындагы Фуншал шаарында төрөлгөн.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

5 + он бир =