Райым-миллиондун ордуна Ражабалиев келди

0

Каганат.

Нурлан Ражабалиев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ал жакында эле кызматтан алынган Райымбек Матраимовдун ордуна келди. Ражабалиев буга чейин Ош облусундагы “Ош” бажысын башкарып келген.

Белгилей кетсек, Матраимов ишеничтен кеткендиктен кызматтан алынганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирген.

Нурлан Ражабалиев 1975-жылы 3-февралда туулган.

1991-1996-жылдары – К.Скрябин атындагы кыргыз айыл-чарба институтун артыкчылык менен бүтүргөн.  

2015 – 2016-жылдары – “Ош” бажысынын төрагасынын орун басары болгон;

2016-жылдан тарта “Ош” бажысын жетектеп келген.

Спорт чебери. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он бир + бир =