Жогорку Сот Бакиевди “кур дүрмөт” менен коркутуудабы?

0

Каганат.

Казакстандын “Хабар” телеканалы Кыргызстандан качып кеткен президент Курманбек Бакиевди таап, аны менен маек куруп, документалдуу тасма тартууга жетишкен. Бул тууралуу белгилүү болгондон бери Кыргызстанда Бакиевдин: “Убагы келгенде Кыргызстанга кайтып барам” деген сөзү чоң талкуу жаратууда.

Кыргызстандын Жогорку Соту Курманбек Бакиевге карата эбак эле өкүм чыкканын, ал келсе 5 жыл түрмөдө отуруп, андан соң 25 жылдык жазаны катуу режимдеги түзөтүү колониясында өтөй турганын билдирген.

Бирок Жогорку Соттун бул жообу кыргыз бийлиги жөн гана оозу менен орок оруп жатабы деген ойго жетеледи. Келем деп жаткан адамды келип калбаса экен деп карбаластагансып жооп жазып отура бербей, мыйзам чегинде иш алпарышса болбойт беле. Себеби Бакиев ың-жыңсыз болуп, дайынын таптырбай кетсе бир жөн эле. Же “Хабардын” журналисттеринче боло албай жатабы Кыргызстандын укук коргоо органдары.

Эске сала кетсек, Курманбек Бакиев бийликке 2005-жылы “жоогазын” революциясынан кийин келген. 2010-жылы апрель окуяларынан соң Белоруссияга качууга аргасыз болгон.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

13 − тогуз =