Бакиевди өлкөдөн чыгарбоо чоң жаңылыштык болмокпу?

0

Каганат.

Өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева «Хабар» телеканалы даярдаган документалдуу тасмада Казакстандын президенти кеңеш бергенин билдирген.

«Мага Вашингтондон Нурсултан Абишевич телефон чалып: «Биз Кыргызстандагы абалды талкуулап жатабыз, эмне болду? Медведев, Обама жана мен. Биз сүйлөшүп Бакиевди кетирсеңер жакшы болот деген пикирге келдик. Өлкөдөн чыгарып жибергиле. Ошондо өлкөгө болгон коркунуч кетет» деди. Мен бул тууралуу убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө айттым, бирок алардын пикири ар түрдүү болчу»,-деген Отунбаева.

Ошондой эле ал убактылуу өмөттүн мүчөлөрү чечим кабыл алуудан кача башташканын, ошондо гана убактылуу өкмөттүн башчысы катары чечимди өзү кабыл алганын кошумчалаган.

«Мен Бакиевди чыгарып жибергеним үчүн дагы деле айыптап келишет. Аны киши өлтүргүч атап келишет. Каза болгондордун туугандарынын, ата-энелеринин сезимдери менен ойноп жатышат: «Киши өлтүргүчтү жазалабай, ким кое берип жиберди? Мына, Отунбаева кое берген» дешүүдө. Бул тема ар түрдүү ушактардын пайда болуусуна жол ачууда. Бакиевди өлкөдөн чыгарбай коюу чоң катачылык болмок деп ойлойм»,-деген Отунбаева.

Отунбаеванын айтканына ишенсек Бакиев Кыргызстандын тынчтыгы үчүн өлкөнү  таштап кеткенби деген суроо жаралбай койбойт. Кандуу төңкөрүштүн артында кимдер турганы,  кыргыз азаматтарынын ажалына себепкер адамдардын аттары бир күн ачыкка чыгат деп ишенебиз.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

4 × 5 =