Депутат: “Аксыдагы айылдарда электр жарыгы чырактай эле күйөт”

0

Каганат.

Аксы районундагы айыл өкмөттөрдө электр мамычаларынын начарлыгынан жана көмөк чордондор жетишпегендиктен айылдарда телевизор көрүп, китеп окуганга болбойт. Бул тууралуу ЖКнын жыйынында депутат Алмазбек Эргешов билдирди.

Айтымында, Чалдыбар, Кызыл-Көл, Коргон, Кызыл-Капчыгай айылында электр жарыгы чырактай эле күйөт.

“Мындай абал 1965-жылдары курулган электр мамычаларынын абалы начарлыгынан жана көмөк чордондордун жетишсиздигинен болууда. Бир айылдагы 120 мамычанын 78и авариялык абалда экен. Аны алмаштыруу керек. Өкмөт РЭСтер менен план түзүп, аларды алмаштырууну караш керек”,-деди депутат.

Ошондой эле эл өкүлү Коргон айылында 430 түтүн жашаганы менен бала бакча жок экенин кошумчалады.

“Жолдун абалы начар болгондуктан төрөтканага жетпей, жолдо төрөп койгондор болууда”,-деди Эргешов.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он сегиз − он алты =