Депутат: «Казакстанда «Назарбай» деген арак жок болуш керек, а биздин ичкенибиз «Атамбай»

0

Каганат.

Жогорку Кеңеште «Жарнактар тууралуу» мыйзам долбоору талкууланып жатканда депутат Рыскелди Момбеков агынан жарылды. Ал мыйзамды тышы жалтырак, ичи калтырак экенин белгиледи.

«Жашы жете электерди коргоо максатында спирттик ичимдиктерди жарнамалап жайылтууга тыюу салуу керек деп айтып жатасыңар. Башка коргой турган маселе көп. Мисалы, бүгүн коньяктын аты “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, арактын аты “Президент”, тамекинин аты “Парламент”. Бишкектин көчөлөрү Советский, Киевский, кафелердин баары “Омар не Хаям”, тойканалар “Император”, “Сенатор”. Силер мамлекеттик ишмерлерди, символдорду коргогула”, – деди депутат.

Ошондой эле ал мамлекеттик жана коомдук ишмерлерди, тарыхый инсандарды мазактоого өкмөт жол бербеши керектигин кошумчалады.

«Казакстанда «Назарбай» деген арак жок болсо керек, ал эми бизде «Атамбай» деген арак чыгып жатат. Эртең дагы бирөө “Сооронбай” деп алса эмне кыласыңар? Жарнама деп жамбаштап жата бересиңерби? Ичкенибиз “Манас” болуп жатпайбы? Силер каякты карап отурасыңар?” – деди Момбеков.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он бир + он алты =