Сурабалдиева: ” Эртең бир диний аалым 14 жашар кызга үйлөнүп алса эмне кылабыз?”

Каганат.

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурага Чубак ажы Жалиловдун үйүн текшерүүнү тапшырды.  

 Депутат  белгилүү диний аалымдын экинчи аял алгандыгы тууралуу билдирүүсү жоопсуз калып жаткандыгын айтты.

«Ал үйүнө дагы бир аял алып келгендигин айтып жатат. Конституция боюнча зомбулукка жол берилбейт. Бул жерде үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө кеп болуп жатат. Биз өзүбүздү укуктук мамлекет дейбиз дагы көп аял алуу тууралуу кеп козголгондо унчукпай калабыз. Эртең бир диний аалым 14 жашар кызга үйлөнүп алса эмне кылабыз» – деди депутат.

Эске салсак, мурдагы муфтий Чубак Жалиловдун экинчи аял алганын жарыялаган. Жалилов биринчи аялы бир аз капа болгонун айткан. Чубак ажынын экинчи аял алышы коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

2 билдирүү

  1. Нет имен 30 November, 2017 at 23:41 Жооп берүү

    Каяктагы уйбулоодогу зордук зомбулукту айтып жатат деги Сурабалдиева. Билген нерсени талашсанар боло деги. Жон эле былтыйып отуруп алып тантый бересинер. Башка кылаар ишинер жок да силердин?

Пикир

бир × 5 =