Ош шаарында ВИЧ инфекциясы жыныстык жол менен көп жугууда

0

Каганат.

Ош шаарында ВИЧ инфекциясынын энеден балага жугуусу 9 эсеге азайды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Ош шаарында 38 адам ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган. Былтыр бул көрсөткүч 48 болчу.

“Илдет негизинен жыныстык катнаш аркылуу жугууда. Ошондой эле баңгизатын ийне аркылуу колдонгондор арасында ооруну жуктуруп алгандар көп”,-деди Ош шаарындагы СПИДге каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Элмира Нарматова.

Учурда Ош облусунда ВИЧ инфекциясы менен жабыркаган 1351 адам, Ош шаарында 1044 адам катталган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он тогуз + он сегиз =