Айтматовдун ааламынан: “Тамчы таалайың баардык азап-тозокту жууп кетет го…”

Каганат. 

“Ата, мен сага эстелик тургуза албаймын. Сенин кай жерде көмүлгөнүңдү да билбейм. Мына ушул эмгегимди атам Төрөкул Айтматов, сага арнаймын.

   Апа, сен бизди өстүрүп, адам кылдың. Сенин узак өмүр сүрүүңдү тилеп, апам Нагийма Айтматова сага арнаймын.” мына ушундай жүрөк кылдарын черткилеген саптар менен башталган Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасын кимдер гана билбейт. Өлүм менен өмүрдү, сезим менен махабатты, жөнөкөйлүк менен улуулукту даңктаган бул чыгарманы окуган адам тагдырдын мерездигин, табийгат да оор күрсүнүү менен кабыл аларын, жаратылыш адамдын жартысы экенин түшүнөт. Бул жолу биз сиздерге Чынгыз Айтматовдун ааламынын бири болгон бул чыгармада камтылган асыл ойлорду топтоп бергенге аракет кылдык.

  1. Эл-журтка нан берген айланайын, дыйкан талаам, бозоруп саргарып жатсаң да, албырган таң эртелериң деңиздей төгүлүп, кучагын жая сенчелик эргип, сенчелик жоомарттанып ким тосуп алалат.
  2. Айтчы жер эне, дүйнөдөгү адамдар согушсуз жашаса болбойбу? Кыйын суроо бердиң го Толгонай, ал силердин өзүңөргө байланыштуу, чырпык сайсаңар чынар кылып берем, бир дан эксеңер миң дан кылып берем. Мен жермин, мен баарыңарга жетем, согушуу согушпоо ал силердин өзүңөргө байланыштуу

 

3. Табигаттын жандуудан эң бийик жаратканы-адам баласыбы, андай экен, бирине-бири мынчалык залал келтирбей, тынчтыкта жашай албайбы?

 

 

4. Жер, жан жараткан жер, сен бизге таалай бербесең эмнеге жер болуп орнойсуң да, биз эмнеге дүйнөгө жаралабыз! Биз сенин балдарыңбыз, жер, тилектеш болгун, ак тилегибизге жеткиргин.

 

5. Ырас, Толгонай, согушту жеңген күндө да, анын күйүтү кубанычынан аз болбойт турбайбы. Ошол жылы жеңиш келген жазда. Силердин аскер тосконуңарды али да унуталбаймын Толгонай. Ошондогу кайсынысы сүйүнүч, кайсынысы арман экенин али да айталбайм …

 

 

6.Бир сааттан кийин мен Мекеним тапшырган ишке барып, кайра кайтпаймын. Душмандын талылуу жерине барып, аны кыйратып өзүм да жок болом. Мекен үчүн, эл үчүн жеңиш үчүн, дүйнөнүн бардык жакшылыгы үчүн…

  1. Балам кантип өз өмүрүңдү өзүң кыйдың? Адамга бир гана жолу берилчү бул жарык дүйнө менен кантип өзүң эле коштошуп кете бердиң? Мен сени эмнеге төрөп, эмнеге өстүрүп чоңойттум?” Ооба, апа, энесиң, сенин бул сурооңо тарых кийин жооп берер.

7.Солдат улам жакындап келе берди, бирок бир да киши ордунан козголгон жок. Кишилердин апкаарыган жүздөрүндө дале бир нерсе күткөндөй үмүт сезилип турду. Анткени биздин күткөнүбүз жалгыз солдат эмес, жолго батпай калкылдап согушка жөнөгөнү сыяктуу калың аскердин тобу менен кайтып келиши эле.

 

           

8. Тамчы таалайың баардык азап-тозокту жууп кетет го…

9. Төрөгөн эненин баары бирдей, айырмасы жок. Дүйнөгө келген ар бир наристе баардык адамзаттын баласы, демек, ал менин да балам.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

жыйырма − 2 =