Атай Өмүрзаков жетектеген бий тобу Малайзиядагы сынакта финалга чыкты

Каганат.

“Адем” бий тобу Малайзияда өтүп жаткан “Asia`s Got Talent” сынагынын финалына чыкты. Бул тууралуу Атай Өмүрзаков интернеттеги баракчасына жазды.

Буга чейин Өмүрзаков “Адем” бий тобун колдоону суранып кыргызстандыктарга социалдык баракчасы аркылуу кайрылган болчу. Бийчи балдар интернет аркылуу добуш берүүнүн жеңүүчүлөрү болушканын белгиледи.

“Фейсбук #AGTVote9 хештеги менен колдоо постторуна толуп кетти. Бул абдан жагымдуу болду. Мен муну бир бүтүн эл, бир команда деп түшүнөм”, – деп жазды Өмүрзаков.

Ошондой эле учурда бийчилер финалга өзгөчө бий даярдап жатышканын кошумчалады.

Сынактын финалы 7-декабрда болуп, 14-декабрда жыйынтык чыгат.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он сегиз + 2 =