Кыргызстандык тай боксчулар эл аралык чемпионаттан 7 медалды багындырышты

0

Каганат

Кыргызстандык тай боксчулар эл аралык чемпионаттан 7 медалды багындырышты.  

Турнир Ташкент шаарында өттү. Аларга Афганистан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын спортчулары катышты. Биздин кураманын капчыгында эки күмүш жана 5 коло медаль топтолду.

Экинчи орундарды өз салмак категорияларында Алихан Эргешов жана Данияр Өмүрбеков ээлешти.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

13 + 17 =