Осмоналиев: “Кыргыз бийлиги чет элдик диний миссиянын кол балдарына айланып, арзыбаган акчасына азгырылууда”

0

Каганат.

Дин аалымы Чубак ажы Жалилов төшөк жаңыртканын элге айтып чыккандан кийин коомчулукта кызуу талкуу жүрө баштады. Айрымдары ажыны колдошсо, кээ бирлери бул мыйзамды тебелеп жаткандык экенин айтышып нааразычылыктарын билдирип, бул маселе керек болсо Жогорку Кеңешке чейин жетти. Ал эми ЖКнын 5-чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев: “Кыргызстанды теократиялык өлкөгө айландырууга белсенип киришишти. Биринчи кадам ташталды. Эми кезек менен калган зарыл болгон атрибутикалары акырындап башталат. Андан кийин чет элдик миссия активдүү лоббисин кийирет жана биздин коомдо айыгышкан тирешүүлөр орун алып кетиши күтүлөт”-деп жазып чыкты.

Осмоналиевдин билдирүүсү боюнча 2-3 суроо узатып жооп алдык.  

– Кыргызстанды теократиялык өлкөгө айландырууга белсенип киришишти дедиңиз, алар кимдер?

-Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанды мелжеп теократиялык өлкөгө айландырып алсак деген радикалдык мүнөздөгү исламий, католиктик, айрыкча, протестанттык мамлекеттер 1991-жылдан бери эле жандалбас уруп келишет. Натыйжада, биз өтө көп конфессиялуу, ээнбаш мамлекетке айландык. Ошол кездеги Кыргызстандын бийлик башчылары чет элдик диний миссиянын кол балдарына айланышып, алардын жарыбаган акчаларына азгырылышып көөдөнү таза кыргыз элин таламайга айлантышып, тигилердин өкүмзардыгынан чыга албай калышкан. Натыйжада, миңдеген мечиттер, көптөгөн протестанттык сыйынуу жайлары ачылып, католиктер менен православдар дагы эркин бийликтерин жүргүзө башташкан. Айыгышкан кармашуу курчуп эле келди.

2010- жылдан баштап, ислам дининин үстөмдүгү кескин күч алды дагы, коомго тийгизген таасири катуу боло баштады. Мен, мисалы, муну түшүнүү менен эле кабылдадым. Анткени, бизде калктын дээрлик көпчүлүгү мусулмандар. Исламдын чыныгы баалуулуктары кыргыз элинин кылымдык салты менен жуурулушуп, өлкөбүз адеби жок атеизмден  руханий стабилдүүлүккө келет деген үмүт бар эле. Бирок, светтик-секулярдык табит калат дечүмүн.  Тилекке, каршы, радикалдык жана фанатисттик чакырыктар көбөйө баштады. Конкреттүү иштерге өтүштү.  Официалдуу бийлик менен дин борболорунун саясатка жуурулушуп кеткенин акыркы президенттик шайлоодо ачык көрдүк. Демек, Кыргызстандын теократиялык тенденцияга тартылып жаткандыгы ушул да. Андай болбосо, эмнеге көрүнүктүү дин ишмерлери тигил же бул атаандаштарга ачык эле агрессивдүү үгүт иштери менен алектенишип, ошол атаандаштардын артынан ээрчип жүрүштү? Эми шайлоо бүттү. Тигилер “дивиденддерин” күтүп турушкандай сезиле баштады. Акыркы, кездеги эки аял алуу маселесинин белгилүү дин аалымы аркылуу ачык эле өз мисалында көтөрүп чыгуусунун эмне кереги бар эле?! Жаңы Президент көптөгөн  мамлекеттик маселе менен баш оорута баштаганда, бул кокуй керек беле? Менимче алардын  ыңгайлуу учуру  келди. Башынан эле ушундай прессинг кылганыбыз туура болот  деп жатышкандай. Теократиялык мамлекетти куруунун эң талылуу жана эң эффективдүү жолун тандап алышкандай болуп жатпайбы.

– Өлкөгө кайсы лобби кириши мүмкүн?

-Ошол эле кээ бир  араб өлкөлөрү.  Алар бүгүнкү күнгө чейин эле Кыргызстанга эбегейсиз каражат жумшап коюшту. Теократиялык мамлекеттин айныгыс жана зарыл болгон атрибутикаларын киргизүү боюнча этап-этабы менен методикалык маанайда иш жүргүзө башташты. Социалдык тармактарды караңыз.  Ачык эле агрессивдүү маанайда блогдор жазылып, бири – бирин кызуу колдой башташты.  Биздин айлакер жана дүйнөкор  бийлик менен аты-жыты жок укук коргоо органдарын алар эчак эле “багындырып” алышкан. Протестанттык лоббисттер дагы өз адептери үчүн жан үрөп аракет кыла башташты.  Айтмакчы, алардын дагы азыркы кыргыз бийлигинде күчтүү колдоочулары бар.

– Ким менен кимдин ортосунда айыгышкан тиреш болушу ыктымал?

-Биринчи кезекте официалдуу бийлик менен муфтияттын ортосундагы терең  жана өз ара ыңгайлуу кызматташуу күчтөнөт. Аларга светтик-секулярдык айбаттуу потенциал каршы чыгат. Президент кандай акылмандык жана акыйкаттуулук менен бул тирешти чече алат. Маселе ошондо.

– Бийлик бул абалды кантип көзөмөлгө ала алат?

-Мамлекет башчысы азыркы Конституциялык нормадан бир кадам дагы четтебеши керек. Мен жогоруда айткан эки күчтү ордуна коюу үчүн чукул арада Коопсуздук Кеңешин чакырып, Баш мыйзамдын базалык нормаларынын негизинде катуу чара көрүүсү абзел.  Жогорку Кеңеш кийинки учурда келеке болуп калды. Андан элдин тилеги менен үмүтү эчак эле өчкөн. Бирок, Жогорку Кеңештин тарыхый миссиясында бир жол турат.  Алар өзүлөрүнүн кезексиз, чукул отурумунда Баш мыйзамдын динге тиешелүү нормаларынын  кынтыксыз аткарылышы боюнча токтом чыгарып, катуу көзөмөлгө алып туруп алышса жакшы болоор эле. Аттиң , ишенбейм колдорунан келээр бекен. Жогор жактан ишарат кылынса бекинип калышат го.  Анда кыргыз элинин биримдиги “өлдү” дей берели.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

13 + сегиз =