Александр Масляков КВН жетекчиси кызматынан бошотулду

Каганат.

  Эл аралык КВН союзунун президенти Александр Масляков Александр Масляков “Планета КВН” борборунун директорлук кызматынан өз каалоосу менен бошотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Анда айтылгандай,  федералдык мыйзамдын талаптарына ылайык, Масляковду кызматтан кетирүү 2017-жылдын башынан бери демилгеленген. Борбордун басма сөз кызматы билдиргендей, Масляковдун кызматтан кеткени мыйзамдын талаптарына жооп берет.

Буга чейин Transparency International уюму Масляков борбордун директору болуп турганда “Александр Масляков жана компания” бирикмесине “Гавана” кинотеатрын өткөрүп жибергенин жарыялаган. 2017-жылы май айында прокуратура текшерүү жүргүзгөн. Алар иш Москванын мүлк департаменти менен макулдашылып жасалганын аныташкан.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он сегиз + 7 =