Сынган кылыч: Алымбек датканын өлүмү

Каганат.

Тарыхый теманын көркөм чагылдырылышы жагынан Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романы карааны калың чыгармалардын арасынан аттын кашкасындай бөлүнүп турат.

Бул тарыхый роман чыккандан бери деле көп чыгармалар жаралды, бирок ал багындырылбай калган чокудай болуп дагыле бийиктигин, тереңдигин сактап келатат. 

Андагы ар бир образ, Аксыдагы Теңирберди менен Сарыбай же тигил кан ордосунда жүргөн Нүзүп, Алымбек датка. Анан Ыскак деген эмне деген адам. Кокон кандыгына, падышалыкка каршы күрөшкөн баатыр.

Т.Касымбеков түзгөн ар бир образ тип болуп турат. Анын мыктылыгы да ушунда. “Сынган кылыч” кыргыз барда окула турган, ар бир киши аспиеттеп текчесине коюп алып окуй турган, кыргыз тарыхына кызыккан окурмандардын үстөлүнөн түшпөгөн китеби.

Бирок, өкүнүчтүүсү тарых кайталанат дегендей “Сынган кылычтагы” окуялар кайталанууда. Өз чыгаандарын чыркыратып, калкым деген уулдарынын канатын кайрып, хан ордосу улам жаңы оюнду баштап, эл менен бийликтин ортосунда ажыратуу жаратууда. Кудум Кокон хандыгындай…

Урматтуу окурман!

Тарыхы жок элдин эртеңи жок дегендей, тарых бул мезгилдердин күзгүсү. Мына ошол доорлордун күзгүсүнө дагы бир ирет «каранып», бабалардын баскан жолуна саресеп салып көрүшүңүздөрдү суранабыз.

(уландысы)

* * *

Ордо тараптан ар күнү ар түркүн кеп угулуп, кайсынысы нуктуу, кайсынысы каңырыш, биле албай Курманжан айым миң бир толгонуп, түркүн түмөн божомол сесин алып, ой-санаасы бир жерге токтолбой дудала болуп турган чагы болучу. Жолдун оңуту деп, өргөөсүн Каблан-Көл жайлоосуна кондурган. Ошондой мазасыз түндөрдүн биринде эл кызуу уйкуга кирген мезгилде капилеттен те алыстан ат кишинеп калды. Түйшөлүп, али кирпик кага албай жаткан Курманжан айым:

«Ошол…» деп аптыгып ордунан тура калды. «Ошол, карача аргымак эле, ошол!..» деди.

Үйүр сагынган айгыр аргымак чаалыкканын унутуп, алчактай басып, алда кайдан улам шаңгырап кишинеп келе жаткандай. Курманжан айым эшикке кандай чыкканын билбей калды. Дагы шаңгырап аргымак кишинеди. «Өзү экен… датка келип калды окшойт, аксары башыл кудайы, о көкө теңир ай, не күн болуп келип калды экен?!» деп туталанды, не кубаныч, не коопту бир окуя сезгени белгисиз эт-жүрөгү болкулдап, алдастай басып, шабырт келе жаткан жакты көздөй бет алды. Улам коюу көбүргөндү шатырата нарылаган сайын жүрөгү опкоолжуп, тездей берди. «Ыя?!. Келбейт эле, зарыл бир иши болсо киши жиберет эле!.. Ыя, куугун жеп калдыбы, ыя?..» деп, санаа аны кыстап, шаштырып, жүгүргөнүн өзү билбей баратты.

«Эне, кайда барасыз, токтоң?!» деп айта алышпай, эсейген эки уулу тең ээрчип, бири каңтарылуу аттардын бирин жетелеп: «Эне, буга минип алыңыз» деген сөзгө жетише албай карама-карама логлоп чуркады. «Ыя?!. Не болсо да жай эмес бу..» деп, балдарынын ээрчигенин сезбей, артын карарга буямасы боло албай кетти Курманжан айым.

Бир убакта көп аттын дүбүртү, бышкырыгы таасын угулуп, жакын эле алдыдан шыңгырап карача аргымак кишинеп жиберди. «Мына! Айтпадым беле?! Өзү экен…» деп, ал селейип токтой калды. О, санаадан учкул жок белем?! Ошол тапта Курманжан айымдын көңүлүнө «карача аргымакка датканын сөөгүн артып келатканбы, каран күн» деген ой зып дей, ошол замат коштогон көп атчан дуу өкүрүп жиберише тургандай сезим эңги-деңги кылып, тула бою дүркүрөп кетти.

Курманжан айым дагы бой таштап, өз шабырты, коюу көбүргөндүн качыр-кучур болгону кулагына угулбай демиге катуулап басты. Аңгыча караңгы арасынан туңгуюк көзгө илинип, ири алдыда, атырыла басып, карача аргымак дагы шаңгырап кишинеп жиберди. Курманжан айым эл көзүнө да байбиче каадасын тутуна токтоно албай секелек келин сымак дуу эте чуркап, жетип эле аргымакты тизгиндеп:

— Келгиле, келгиле, — деп, үнү калтаарып, шыбырагандай басмырт күңкүлдөп, токтотпой кошо желе басты.

— Кандай, байбиче, тынчсыңарбы, мал-жан эсенби байбиче? — деди эңкейе Алымбек датка караңгы ичинен, кабагы көрүнбөй, үнү шалкы. Жол азабыдыр? — Кудайга шүгүр, элиңиз эсен — биз эсен, датка!.. — деди Курманжан айым, кош колдоп кармап, эринин камчылуу колун өөп тооп кылды. Ошол бойдон аргымакты суулуктай жетелей:

 — И-и?.. Ыя, неге мынча түн катып, датка?.. — деп сурады ошол Каблан-Көл айланасында караңгы түн жамынып кулак түрүп ээрчип турган бирөө бар сыңары жарым үн салып, өз көкүрөгүндөгү удургуган күдүк санаадан аны сайын кообу күчөйүп.

 — Ыя?.. Алымбек датка унчукпай, неден баштап, не деп айтарын биле албай, тунжурай калды. Сабыры кетип, ушу караңгы түндө да кабагын байкайм дейби, колу аргымактын суулугунан чыкпай, кетенчиктей басып, андан жооп күтүп бараткан Курманжан айымдын караңгыда кадалган көзүн сезди.

«Бул эмне?!» деди Курманжан айым. «Бул эмне, биротоло баарынан кол жууп, үмүтү үзүлүп, деми кесилип бүтүп келгенби?!» деп, ордо талашып жүргөн датканын бул кейишине эч ыраазы болбой, макул боло албай бир аргасыз кайгы, бир те тереңден кыжыры дүрт тутанып, жүрөгү дүкүлдөп кетти. Алымбек датка да бу кумурсканын түндө оонап кеткен жерин билген дегендей керээт айымдын мындай чоочулаганынан «дагы бир балекетти уккан экен» деген ойго дароо кабылып, дароо ордо, кымырылган ордо адамдары көз алдына бир тартылып өттү. Ал байкай албаган дагы бир мүшкүл бар белем?!

— Ыя, датка, дагы качып чыккансыз го?.. — деди бир убакта Курманжан айым баягы муңайым мүнөзүн сактанып, бирок анын деминен кескин зил угулду. Алымбек датка өзүнчө акырын улутунуп, өзүнчө касырет тартып, өзүнчө өкүнө башын ийкегилей:

— Качып келгеним го жок, бирак абал жаман, байбиче… — деди чарчаңкы. Ошол учурда өргөөгө жакындап, көк дөбөт күлтүлдөп эркелеп тосуп калган эле. Курманжан айым карача аргымактын суулугун бура тартып, кайра окчундай жетелей басты:

— Куп жакшы! Андай болсо аттан түшпөң, ырым болсун, датка. Качуу оюңузда жок болсо, маслахат үчүн эле келген болсоңуз куп жакшы, ат жалынан бүткөрөлү, датка… Бир тынбай ат үстүндө келип, такымы тырышып, бели уюп, чаалыккан Алымбек датка ээрдин кашына өбөктөп, караңгы түндө акырын күңкүлдөп, ордодо болуп жаткан оош-кыйыш, бир жактан бир жакка түндө жорткон келемиштей жылып-жылып өтүп жатышкан ордо шумдарын, абал улам курчуп, улам кызып, тарс деп бир жарыла турган кооптуу күндүн отө эле жакындап келип калганын айтты. Эң акырында «Эмне кылабыз?» деген суроону туйдуруп, ушул айсыз караңгы сыяктуу туңгуюк абалдан керээт айым дагы бир сыйкырдуу шам чырак акыл туттуруп, чыгарып кетерин гана сыйынып токтоду.

«Кой, датка, ушул бийлик деле жетет бир башыңызга, кой, ордосу менен курусун, келгениңиз жакшы болуптур, ордо башы болбосоңуз беш чүрпөнүн атасы болуп, тынч эсен жүргөнүңүз ылазым, айланайын даткам…» дейт деген ойдон башка маңдайына келбей бүт тула бою ныксырап, эгер минтсе өзү буга кандай мамиле кылары даяр да эмес, талыкшып, тунжурап турду. Жайлоо жердин сыдырым жели кайдандыр леп- леп келип, кайра кайдадыр шуу- шуу кайып учуп өтүп, кайра дымый калып турган. Те нарыда коштоп келген кырк жигиттин өзүлөрүнчө акырын кобурашканы, оттогон аттардын шабырты, бышкырыгы гана түн терметет. Курманжан айым карача аргымактын ыйык жалын кармап үңкүйгөн бойдон көпкө былк этпеди. Бир оокумда Алымбек датка бир сүйөк кеп талап кыла дагы өзү түйшөлдү, «үйгө түшөлү эми» деген ою ооз учуна келип. А Курманжан айым ордунан ыкшалбай:

— Ыя, датка, жүрөксүп калган окшойсуз?.. — деди акырын, ындыны өчкөнү, мындай жүрөксүнүшүнө макул эместиги деминен байкалып. Алымбек датка ээрден өйдө боло берди. «Ырас» деп кантип айта алат эл агасы башы менен?! «Жок» десе калп болот, ал калпын баягыдай алдына туу көтөртүп дал түштө жол келбей түн катып жүргөнү, эки ийни түшө минтип шалдырап турганы ашкере кылып турат.

— О аттиң, ай, жүрөксүнөр жөнүңүз барбы, даткам, жаман айтпай жакшы жок, бул иштен мертингидей болсоңуз артыңызда азамат беш Алымбек калып турбайбы?! — деп жиберди Курманжан айым үнүн кейиштүү да, кекерлүү да көтөрө. Караңгыда айымдын тереңинен кайрат жалынын күйүп турган баягы жашыл көзүн Алымбек датка дили менен көрүп, мындай катуу кепти мурда укпаган, ошол табында күтпөгөн, ормоюп тиктеген бойдон селейди.

 — Кайтканым оңбу, байбиче?.. — деп сурады бир убакта.

— Оң түгүл, датка, зарыл! — деди Курманжан айым туталана. — Өзүңүз ойлоп көрүңүзчү, эми качып кайда батасыз? Те куттагы ишенип отурган тууган эл эмне дейт?! Дагы качып, дагы кара башыңызга сыйынт сурап, дагы көмөк тилеп барсаңыз? Ыя, иренжишпейби?! «Кимге ишенип, ким менен тагдырыбызды канжыгага байланышып жүрөбүз?!» дешпейби?! «Өзүбүзчө ордо күтөбүз, өзүбүзчө бир тайпа журт болобуз» деген көксөөңөр куру кеп болуп калбайбы бу өлүмгө тике карайт деген башчы кара башын корчолоп, жалт берип кетсе?! Жамы кыргыз кыпчак журту сизди карап турат. Мындай кезде, датка, кара жанды ала качкан айла эмес, көксөгөн максаттын кадырына кара башты тике сайып, жазатка өзү барып бериш — ошол айла, ошол акыл, ошол эрлик!.. Алымбек датка катаал сөздүн ыктуу жүйөсүнө тен берип:

— Ырас, — деп, чачылган санаасын жыйнап, кадыресе чыйрала түштү,

— ырас!

— Тез, кылчактабай азыр кайтыңыз, датка. Минген бурактан түшпөңүз, кармаган тизгинди коё бербеңиз

— бул ырым, бул эртеңки минер тагыңызга, тутар өкүмдарлык тизгиниңизге үмүт, тилек. Бурак үстүнөн суусун ичип, азыр кайтыңыз, — деди Курманжан айым.

Те нарыракта турган беш уулу — Абдылла, Асан, Маамыт, Баатыр, Камчы келип, улуулата эки колун бооруна алышып салам айтып, акырын ыйбаа, ызат карманышып, көрүшүп калышты. «Мына, сен мерт болсоң бек каадаңды кылар, жолуңду улантар, ысмыңды туудай көтөрөр бул беш азамат калат артыңда — сен чайлаган бай терексиң!» дегенди кайра туйду. Алымбек даткага бул аны эки колтуктан сүйөгөндөй кубат, кайрат берди. Биринен-бири сөөлөттүү, биринен-бири көрктүү, биринен-бири калышпай кылка теректей бой керишип өсүп келе жаткан боз уландарынын деми аны көз көрүнөө көтөрдү, заматта ордо кыжаалатын, өлүм коркунучун унуттуруп, тебелетип жиберди.

«Кудайга миң мертебе шүгүр, мендей пенде өлөм десе күнөө болот!» деген кыял көңүлүнө жаймаланып толуп чыкты. Уландары менен учурашканы да, коштошкону да ушул эле болду. Карача аргымакка мейиз кошкон күрүчтөн жем илип, Алымбек даткага аргымак үстүнөн көөкөрлөп кымыз жуткуруп:

— Тез дегеним бул, датка, сиздин түн катып ордодон чыгып кеткениңиз «маслахатка кетти» эмес, «качты» болуп тарайт. «Качты» болгон соң кечеги жумшак тил, катуу сүр менен ийгерип кураган тобуңуз байкоосуз ыдырайт — качкынга ким кошулуп качмак, аргасыздан болсо да досуңуз касыңыздын тарабына жылып өтөт, кеткен досту кайра кайрымай жок, касыңдан аша каршыккан душман болуп кала берет. Сиз, датка, ката иш кылгансыз, эми ал катаны ууга чыгып келген өң көрсөтүп, Коконго шардан менен кайра кирип, кайра ордонун төрүнө өтүп калганыңыз гана оңдойт оңдосо… — деп шаштырды Курманжан айым.

Жолго бата алды Алымбек датка. Курманжан айым аргымакты дагы эле суулуктап жетелеп, лепилдеп узатып басты. Эми шашыла күңкүлдөп сүйлөп: — Абал кылычтын мизине, кылдын учуна келген экен. Мындай тапта озунган эле алат, кенебей жаткан алдырат, датка. Оңут күтүп отурбай тобокел кылып, озунуш ылазым, датка. Тез! Ойронун чыгарыш зарыл, датка. Кылчаңдаш болбойт! Арты эмне болорун ойлонуп отурушуңуз өзүңөргө кастык, арты эмне болсо ошол болсун, бир кудай өзү, ичи кең, жөндөйт… — деди.

— Эми, дагы бир айтаарым — бой жүрбөй не бир көзүңүз түшкөн, не бир жакшы санаалаш бурадарлар акыл берген бир түзүк жубанга нике байлатып коюңуз — бою-башыңызга карайт, мусулман ордосуна баш болуп отурган соң тазалыгыңызга төп, эң жакшысы кылдан кыйкым, жумурткадан кыр душмандарыңыздын ушак-айың кебинен какас болосуз — бул ушул тапта ашкере зарыл.

— Ылайыгына, — деди Алымбек датка,

— ылайыгына карайлы, байбиче. Кош, — деп, эми өзү ашыгып, бардык ой-санаасы ордо кармашына ооп, өзү туталанып, кош айтышты. Курманжан айым эринин колун өөп тооп кылды да:

— Кош датка! Жигит пири Шаймерден колдосун… — деп, ак тилек кылып, караңгыда жүзүн сыйпап бата кылып, бу ортосунан кыл өтпөй калган өмүр менен өлүм кармашына биле туруп өзү жөнөтүп койгонун айкын сезип, не кайгырбай, не кубанбай нестейип кала берди. Кырк атчан кайра дүпүрөй Кокон көздөй тартты. Алымбек датка алдына чыккан кишиге салам да айтпай, саламына алик да албай, ким экенин даршан кылбай түн пардасын жамынып, күпкөсүнө ач түлкү киргенин туюп калган карышкырдай алдастай сүрдүгүп, жаагы карышкан тажаал санаа куюктуруп, эч жерге токтолбой кетти. Ушундай капилет жорук болуп кетерин ким болжогон?! Ордого башкөз болуп калуунун өзү Алымбек датка жааты өкүмдарлык бийлик колго өткөнү ушул дешип, көңүлдөрү жайланып калган убак эле. Кудайназар түрк менен Кыдырбек датканы бир түндө жүздөн аскер барып, үй-үйүндө басып, а дегидей сөзгө келишпей экөөн тез кылычтап өлтүрүп кетишти. Жигитбашы Маматкан баатыр кызылдай кырылышып кармашып, нары беги, нары өз туушкан агасы Койчу датканы коргоп калды. Таң сүрө адам үрөйү тааныла баштаганда түн жамына тийген жоо кыргындан калганы кайра тартып, дүпүрөтө дүргүй чабыша бир жакка бой жашырып кетишти. Ким булар? Кайдан? Ошол күнү бул шумдук окуя кабары Коконго жете электе Чотон деген адам Алымбек датканын эшигине келди. Алымбек датка эртен мененки намазын жаңы эле бүткөн.

Азирет Шайх-уль-Ислам Саги-заада, молла Зия деген ордо адамы баш болгон төрт-беш киши салам айтып келил калышты. Шайх-уль-Ислам ордодо качан болбосун, кимге болбосун келсе жолу тосулбайт. Күн ырайы, эгилген эгин, жыйым туурасында сөз кылышып отурушкан. Караулбашы кирди:

— Таксыр, Чотон баатыр келиптир, учурашып кетсем дейт, — деди.

— Чотон?! Чотон маңкабы? Коё турсун, — деп койду Алымбек датка. Көз алдына аюдай килейген тууралуу, бою пас, эки көзү кыпкызыл, мурду белбаскак, одурайган кара киши келди. Чотондун ашкере бой көтөрө эрес талашкансыган кейпи, бир да жолу сырдашпаган зардеси Алымбек даткага жакчу эмес, жылдызы каршы сыяктуу киши болучу. Бир аздан кийин караулбашы дагы кирди:

— Таксыр, сабылып турат. Ноукентге өтүп бара жаткан экен, бир ооз сөзүм бар эле дейт… Алымбек өйдө карай берди:

— Эмне сөзү бар экен ал ант урган маңканын?! — деп алды.

— Мейли, киргизчи бери… Чотон эшиктен араң сыйып кирип, камырабай чайпала басып, күркүрөгөн жоон дабыш, акырын салам айтты да, кычыгына эт өсүп кеткен кызыл көзү үй ичин бир чыргый отурган адамдар менен суз кол алышты. «Мунун кесири башынан ашкан!» деди ичинен Алымбек датка. Молла Зия иреңи купкуу болуп, башын араң ийкегилеп:

— Ие, келиң, Чотон баатыр, келиң, — деп датканын жанынан өз ордун бошото ылдый жыла берди, — төргө өтүң, төргө… Чотон сыңар тизелеп, коомай көчүк басты.

— И, кел, жол болсун? — деди Алымбек датка.

— Бир эртеңкиге калтырбай турган зарыл иш бар эле, датка… — деди мелтейип, үрөйү да суук, көзү да шумдук туйдура ойноктоп Чотон. Ал убакта шырп эткен шыбыш жалган-чынына карабай керек болчу. «Э, бу отурган элден жашырын экен» деди, Алымбек датка кайтарып сураган жок. — Кел, даам сызып, анан деле айтарсың ишиң болсо. Чотон көзүнүн төбөсү менен дагы бир сыйра баарын тиктеп, молла Зияга келип, кадалып токтоп калды. Молла Зия аны сайын көзүн ирмешке жарабай, азирет Сагизааданын ахлак жөнүн маек кылган коңур муңайым үнү да кулагына угулбай, нес болуп калды. «Иа, алла! Бул айбан неге тирмейет?.. Ыя, тууганын кыя албай, өңүн көрүп ырайдан кайтып, ыя, тууганына барлык сырды булайтып чубап таштаганы отурабы бу макоо?..» деп, өлүм менен өмүр аралыгы ал үчүн бир нукум болуп, заманасы куурулду. Аңгыча дасторкончу дасторконун жаяр алдында жез чылапчын тосуп, өзү жез чөөгүн менен колго суу куя баштады. Этектен башталып, төрдөгү шайх- уль-Ислам Саги-зада, молла Зия кол жуушту. Эми Алымбек датка эңкейип, жез чылапчынга кол тосуп, ашыкпай жууп, суудан ууртап, ооз чайкап жаткан мезгилде килейген Чотон лап тура калып, койнунда катылуу келген шап кылыч чагылгандын отундай бир жарк дей төбөдөн шилтенип, көз ачып жумганча Алымбек датканын башы чылапчынга шалак деп түшүп калды. Шайх-уль-Ислам Сагизаада эки көзүн басып, кылыч эми ага шилтене тургандай, тез күбүрөп келмесин айтынып жиберди.

— Коркпоң, азиретим, коркпоң… — деди мола Зия. Кылычынан канды аптыга бир жалап алып, тажаал айкырык салды Чотон:

— Мен бекмин Коконго! Жайлайым былк эткениңди! Жайла-айм! Ким былк этмек?! Ошол жерде шайх-уль-Ислам Сагизаададан башкасы муну билип келген, Алымбек датканы шексинтпей ортого алып туруш вазийфасы тапшырылган өңкөй кутумдар экен. Көздөрү жайнап эле ликилдеген Чотонду мыңк этпей тиктеп отуруп калышты.

— Уа, бар-ракал-ла, Чотон бахадур, бар-ракал- ла!.. деп, мактап жиберди ачык молла Зия.

— Энди, бахадур, тышта не окуя болуп кетет, тыштын камын көрмөк абзел, бахадур… Желигип, ликилдеп, Чотон тышка жөнөдү. Тышта Алымбек датканын күзөтчү жигиттери бар, иргелген жүз сыпай менен келген Чотон, не бар не жок, кымкуут кагылыш капшабына кабылып калбас үчүн кутумдар тамдан чыкпай бугуп отуруп калышты. «Бири өлүп, бири калсын. Бир жаңсыл болсун…» деп ойлоду ар бири. Кокус датканын күзөтчүлөрү үстөмдүк кылып кетишсе, өлтүргөн башка, буларга ким күнөө жүктөй алмакчы, кайра өлтүргөн кишиге наалатын жабыла айтышат, күйүнүп өкүрүп калышат, а ушул бойдон Чотон басып калса дагы жакшы, баягы көздөлгөн иштин оңуту. Бирок, алардын ортосунда ордонун билерманы сулап өлүп жатпайбы, акыры кандай түркүн өзгөрөрүн ким билет, иреңдери учуп, кооптуу тагдырга баштары байланып калды.

Молла Зия Алымбек датканын өлүгүн улагага алдырып, үстүнө жана эле желбегей ийнине салып отурган кымкап тонун айкарасынан жаптырып, башын жанына койдуруп койду да, эси чыга калчылдаган дасторкончуга дасторкон жайдырып, жалбырттап чачылган, коңурсуп жыттанган адам канынын ортосунда атайын ырым үчүн жайма-жай даам сыза беришти.

 — Э-э, жеткен ажал бул. Кырк жылы кыямат жүрсө бей-ажал чымын өлбөйт деген эмеспи жараткан эгем…

— Муну өз ниетинен өзү таап алды окшойт даткабыз?..

— Уа-а, ошону айтың, ошону… Бу ыраматылык датка жакшы адам эди-ю, ынсаптан кетип калды, ынсаптан… Бу баарыбызга тең ыйык ордону түрк баласына гана энчи кылмай болуп, аттиң ай, ордонун кат-кагазын нонок түрки менен жүргүзмөкчү болуп… О, илгери бир муштаидден сураган имишдур: «Кайсы тил ширин?» «аль-Араби асел, фарси — шекар» деп, жооп кылган муштаид. «А түрки недур?» деп, такык кылган дешеди. «А түрки — өнөр» деп койгон акылман. Маани ушул ки, түрки — тириликте бир кереги болуп кала турган, а мейли базар заруратына жарай турган бир өнөр гана экен. Ыйык кат аль-Куран, арабиде, аны башка тилге таржима этиш күнөө, магнасы бузулар, а фарсиге беш ирекет намаз, жаназа окуш, жана да бир кат, казал жазыш ылайык болунган. Муну бузуш аз күнөө эмес эди даткага…

— Пай, пай… Кудайым сүйүп бак берген, дин- Ислам шарияты дува берген паша авладин жок кылгаймын деп, не өзүн, не башка түрк баласын хан көтөрмөк болгонун карап багың? Йе, алла, дааратын түзүк ала албаган кайсы түркөй өкүмдар болуп жарытмакчы?! Э-э, мунусу менен жамы мусулман бирлигин опат кылмак даткабыз…

— Ва-ай… Тиги кут жайдагы жабайы туугандарынын азазил тилине кирип, арам дилине ооп, мусулман жерин тартуу этип, дин-Исламдын душманы кайридин орус менен купуя алака кылышка батынган дешеди.

— Пай-пай… өз өлүмүн өзү сурап алганы бул эмеспи?! Жайма-жай кобурашып, биринен бири ашыра Алымбек датканын күнөөсүн көбөйтүп, колдорун улагада жаткан өлүгүнө кезей-кезей кеп урушуп, баш ийкеше бирин-бири кубатташып, бирок баарынын кулактары тышта, даам сызган болуп отурушту.

уландысы бар

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

2 × беш =