Ашкабактан куймак жасаганды үйрөнөбүз

0

Каганат.

Ашкабактан куймак жасоо эң оңой жана аны ар ким табитине жараша сүт, айран, каймак менен жасап келишет. Айрымдары ашкабакты бышырып алышса, кээ бирлери чийки бойдон эле сүргүчтөн өткөрүшөт. Бүгүн биз сиздерге оңой жасалуучу куймакты сунуш кылабыз.

Керектелүүчү азыктар: 

Аарчылган ашкабак – 500 г

Ун – 150 г

Шекер – 2 чоң кашык (татуу болуусун кааласаңыз көбүрөөк кошсоңуз болот)

Туз– 1 чымчым

Көптүргүч – 1,5 чай кашык

Жумуртка – 1 даана

Өсүмдүк майы – 50 мл

1. Ашкабакты өтө чоң эмес кылып бөлүктөргө бөлүп алып, аны 15 мүнөт кайнатабыз.

2.Муздаган соң ашкабакты эзип алабыз. Аны идишке салып жумуртка, шекер, ун, туз, көптүргүч кошуп аралаштырабыз.

3.Көмөч казанга май куюп, ысытып алабыз. Чоң кашык менен даяр болгон ашкабак аралашмасын майга салып, кызарганча эки бетин кууруйбуз.

Эгерде майлуу болбосун десеңиз кагаз салфетканын үстүнө коюп койсоңуз майын соруп алат.

Даяр болгон куймакты бал менен же варенье менен жесе болот.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

беш × беш =