Бишкектин мектептеринде жаңы жылдык майрамдарга карата акча чогултууга тыюу салынды

Каганат.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкектин мектептеринде жаңы жылдык майрамдарга карата акча чогултууга тыюу салынды.

Маалым болгондой, тиешелүү буйрукту мэрия чыгарды. Документтин аткарылышына жоопкерчилик окуу жайлардын администрациясына жүктөлдү.

Белгилеп кетсек, ата-энелерден каражат чогултууга бөгөт ордо калаанын бардык мектептерине тиешелүү.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаардык мэриясы “Мыйзамсыз акча чогултканы үчүн билим берүүчү уюмдардын жетекчилеринин жоопкерчилиги жөнүндө” буйрук чыгарган.

Бул буйрукка ылайык, кандайдыр бир иш-чараларды, майрамдарды өткөрүүгө мугалимдер, класс жетекчилер жана окуучулар тарабынан акча чогултууга тыюу салынат.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

16 + он жети =