Марат Мураталиев Талас облусуна губернатор болду

0

Каганат.

Мураталиев Марат Молдалиевич өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Сапар Исаков кол койгон. Бүгүн, 4-декабрда облустун жаңы жетекчисин эмгек жамаатка вице-премьер-министр Даир Кенекеев тааныштырган.

Марат Мураталиев 1967-жылы 23-июнда Талас шаарында туулган. Буга чейин Таластын капиталдык курулуш башкармалыгын жетектеп келген.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

үч + 7 =