Талыкпас мүнөз тагдырды аныктайт – Улугбек Ормонов

  Каганат.     

Жөнөкөйлүк адамдагы улуу сапат же Улугбек Ормоновдун бейнесине сүртүмдөр

Кыргыз саясатында татыктуу өмүр жолу, тажрыйбасы, билими менен айырмаланган саясатчылар аз эмес. Алардын катарында Ордолуу Ош жергесиндеги Кеңеш айылынын кулуну Жогорку Кеӊештин депутаты Улугбек Ормоновду айтууга болот.

Төмөндөгү фактылардын өзү эле биз кеп кылууга камданып жаткан Улугбек Ормоновдун окуудан жана  элге эмгек кылуудан талыкпаган өжөр мүнөзүн тастыктап турат. Анда кеп башынан болсун дейли.

Аты-жөнү:  Ормонов Улугбек Зулпукарович

Туулган жылы:  1963-жыл 3-декабрь

Жашы: 54

Азыркы кызматы: Жогорку Кеңештин депутаты

Азыркы иштеген жери: Жогорку Кеңештин депутаты

Туулган жери:    Кыргызстан

Облусу: Ош

Туулган айылы:  Кенеш

Улуту:  Кыргыз

Уруусу: Кара багыш

Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү

Билген тилдери: Кыргыз, орус

Үй-бүлөсү: 4 баланын атасы. Жубайы Базаргүл, Улуу баласы Абды ага лейтенант, УКМКда эмгектенет. Кийинки уулу Нурбек чет мамлекетте окуп, азыр ɵз кесиби боюнча  иштейт.  Кызы Майрам ЖОЖду ийгиликтүү аяктап ɵз турмуш жолунда, кенже кызы Анара мектеп окуучусу.

ЖОГОРКУ БИЛИМИ:

1986 — Воронеж политехникалык институтун “инженер-электротехник” адистиги

1992 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин “экономист” адистиги

ЭМГЕК ЖОЛУ:

1980-жылы

Иштеген жери: “Өзгөн” совхозу

Кызматы: Жумушчу

1986–1993-жылдары

Иштеген жери: Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы заводу

Кызматы: цех жетекчисинин орун басары, цехтин жетекчиси, экономикалык маселелер боюнча директордун орун басары;

1993 —2005-жылдары

Иштеген жери: “Дастан” трансулуттук корпорациясы

Кызматы: Вице-президенти, экономика боюнча директордун орун басары, коммерция боюнча директор

САЯСИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

2005-жыл

Иштеген жери: Жогорку Кеңеш

Кызматы: Депутат

20062007-жылдары

Иштеген жери: Жогорку Кеңеш

Кызматы: Депутат, Эмгек жана миграциялык саясат боюнча комитеттин төрагасы

2007-жыл

Иштеген жери: АК “ТНК “Дастан” ишканасы

Кызматы: Башкаруучу директор

2007-2010-жылдар аралыгы

Иштеген жери: Жогорку Кеңеш

Кызматы: “Ак Жол” фракциясынан депутат

2015-2017-жылдар аралыгы

Иштеген жери: Жогорку Кеңеш

Кызматы: “Бир бол” фракциясынан депутат.

Ормоновдун саясатта орду чоӊ

Анын мыйзам чыгаруучу тармактын өкүлү катары элге өтөгөн эмгеги баа жеткис. Анын кыргыз саясатындагы туруктуу көз карашы, татыктуу тажрыйбасы эл арасында кадыр-барк  топтошуна өбөлгө түзүп келди.

 Шапкедей алмашкан Өкмөттүн жоопкерчилиги тууралуу өткөн жылы Улугбек Ормоновдун мындай деп айтканы эске түшөт:

 – Чыныгы парламенттик өлкөдө утуп келген партиянын лидери өкмөттү башкарат. Ошондой болгондо гана өзгөрүү болот. Азыр биздин партиянын лидерлери башка бирөөнү шайлап коюп, өздөрү четте калып атпайбы сындап коюп. Азыркы коалиция өзү шайлаган өкмөттүн ишине толук жооп бериш керек.-деген эле эл өкүлү. Тилекке каршы бүгүнкү күндө деле Өкмөттүн милдет жана жоопкерчилик деген маселеси бирдиктүү каралбай келүүдө.

Ошондой эле Улугбек Ормонов Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду   бир да завод же фабрика курулбаганын, ал үчүн акча бөлүнбөгөнүн дагы айтып келген эле. Аталган фонддун чын эле кандай иштерди аткарып келе жатканы дагы деле бүдөмүк. Социалдык, экономикалык, саясый же укуктук маселелер болобу Улугбек Ормонов ар дайым фактыга таянган, негиздүү ойлорун сунуштап келет.

         Улугбек Ормонов «эгер бир ишти аткарууда сɵз берсем, аны сɵзсүз аткарамын. Эгер колумдан келбеген иш болсо, анда дагы куру үмүттɵндүрбɵй ачыгын айтамын» дейт. Ушак-айыңдарга убакыт коротпой, “Кудайдын кɵзү түз”- деп күн кечирип келгендерденмин»- деген эл өкүлү, эч бир саясатчыны өзүнө атаандаш катары эсептебейт.

Ал эми жөнөкөйлүк адамдагы улуу касиеттердин бири дегендей, Улугбек Ормонов башка депутаттардай каада кармабай эле, эл түшкөн коомдук унааларга көп түшөрүн, эл өкүлүн тааныган айрым жүргүнчүлөр, “Эх, депутаттар да маршруткага түшөт экен?..” – деп таң калышканын массалык маалымат каражаттары көп эле жазып чыгышкан. Сɵзгɵ бекем туруу – ɵзгɵчɵ принцибине ээ каарманыбыз, айтылган сөз атылган ок деп билет.

                             Алтын баштан баары өткөн

    Албетте, каарманыбыз саясатка окууну бүтүп, кимдир бирөөлөрдүн жардамы менен эле келе калган эмес. Анын дагы алтын башынан далай күндөр өткөн. Ал тууралуу өзү дагы көп эскерип, топук кылган мүнөзү бар.

     Тагдыр… Турмуш… Жашоо… Мына ушул үч сүйлөмдө бүтүндөй адамзаттын өмүр сызыгы чийилген. Тагдыр башка эмне салса, пенде аны көтөрбөскө айласы барбы» деп кеменгерлер кеп салгандай, турмуш өйдө-ылдыйлар болуп турат. Тагдырдын мындай сыноолору Улугбек Ормоновду да кыйгап өткөн эмес. Ал аны мындайча эскерген -Мен 86-жылдан 1999-жылга чейин үй-бүлөлүүлөрдүн жатаканасында жашадым. Алгач бир бөлмөлүү, балдарым чоңоюп калганда эки бөлмөлүүдө жашадым.

Бир жолу жумуштан келсем, келинчегим ыйлап отуруптур. «Эмне болду?» десем, «Кошунабыз пияз менен эле макарон жей бересиңерби деп айтты» дейт. Келинчегим эки бала менен үйдө отурчу. Мен заводдо начальниктин орун басары элем, 170 рубль айлык алчумун. Албетте, 170 рубль менен бир үй-бүлөнү багыш кыйын болчу.

Ошондой убактарды баштан кечирдик, Кудайга шүгүр, баары акырындык менен ордуна келди. Кээде келинчегим аша чаап баратканда «Ай пияз менен макарон жеген күндөрүңдү унутпасаңчы» деп айтып калам.

                        Ата Мекен айылдан башталат

 Улугбек Ормоновдун дагы бир өзгөчөлүгү, каарманыбыз май майрамдарын утурлап 15-жылдан бери Өзгөн эли үчүн кош майрам тартуулайт. Майрамдык шаң менен коштолгон бул мелдеш – спорттун алты түрүнөн волейбол, футбол, ордо, тогуз коргоол, шахмат, таяк тартыш боюнча өтөт. Спорттун түрлөрүнө жараша жыл сайын ар бир айыл өкмөттөн 19 команда келеп, волейбол боюнча 15 команда, футболдон 14 команда, шахматтан 50дөн ашык адам катышарын айтышат. Өзгөн элинин айтуусунда жыл сайын 5 миңден ашык адам жыйналып, 300–400 спортчу катышкан иш чара элдин жылдап күткөн майрамы. Эл өкүлүнүн  мындай талыкпаган аракети жердештери тарабынан дагы колдоого алынып, эл уулуна ишенимдери чоӊ.  Анын мындай аракети жөн жерден эмес. Ал өзүнүн бала-чагы тууралуу:

 -Атам Зулпукар  менен апам Майрамкан бизди, 8 баласын чоңойтом деп көп эле кыйналды.  Мен алыста окуп жүрүп айылга барганымда, алардын ак аралаган чачтарын көрүп жүрөгүм «тыз» эте түшчү. Ошондой мезгилде аларды убакыттан калкалап калгым келип, ата-энемди бактылуу кыла алдым бекен деген ой көөдөнүмдү жара тээп чыкчу. Азыр мен атасы апасы тирүү досторума  азыр көзү барда сыйлагыла,  каза болгондон кийинкиси бир тыйын  деп айтып калам.  Мисалы  эгерде  апам менен атамдын  көзү тирүү болуп бүт дүйнөнү кыдырам десе дагы  жиберип эс алдырганга кудуретим жетмек-деп айтканы бар.

Көпчүлүк кыргыз үй-бүлөлөрүндөй эле айылдан эмгек меен жуурулушуп эрезеге жеткен биздин карман айылдын, асыл мекендин баркын билген үчүн айылдаштарын, кичи мекенин чете калтырбайт.

           Эл өкүлү «Эсимдени» мыкты ырдайт…

Акыркы мезгилдерде эл өкүлүнүн жан дүйнөсүн «кыргыздардын түндүк-түштүк болуп бөлүнүп-жарылуусунун тамырын кантип балталап, бул бөлүнүүнү кантип жок кылабыз деген суроо

өйүп келээрин  ал  окуган китептерден улам тыянак чыгарсак болот. Анткени, Улугбек Ормонов «Кыргыздар» чыгармасын кайрадан барактап, акыркы кездери элибиздин тарыхына, санжырасына көп көңүл бурат.

 Эл өкүлү «Эсимдени» эргип ырдайт  Атам үйдө отурганда да агама аккордеон ойнотуп, Атай Огомбаевдин “Эсимдесин” ырдатып аябай угат эле. Агама мен да кошулуп ырдасам “сен ырдаба, сенин үнүң бузуп жатат” деп мени тыйып койчу. Ошол ырга катуу таасирленип калганмынбы, айтор, көңүлүм эргигенде “Эсимдени” ырдап калам. Негизи, эски ырларды жакшы ырдайм, угам. Азыркы ырчылардан Съездбек Искеналиевди баалайм. Бул жигит улуттук колориттеги ырларды жакшы аткарып жүрөт-дейт Улугбек Зулпукарович.

 Элге арнаган эмгектин  үзүрү…

    Улугбек Ормоновдун элге сиӊген эмгеги бааланып, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 70 жылдыгы» медалы, Россия Федерациясы менен Кыргыз республикасынын ортосунда достук жана кызматташтыгын арттырууга кошкон салымы үчүн экинчи даражадагы Улуу Петр ордени, Россиянын суу алдындагы флотунун 100 жылдыгына карата медалы, КМШ өлкөлөрүнүн парламентер аралык Ассамблеясынын 15 жылдыгына карата жана башка сыйлыктарга арзыган. Экинчи класстагы мамлекеттик кеӊешчи. Кыргыз Республикасынын финансы тармагынын отлчиниги. 

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

алты + 2 =