Тарых тактасында: Кокон хандарынын теги жөнүндө

Каганат.

ХIII кылымдан 1370-жылга чейин Орто Азияны, анын ичинде Фергана өрөөнүн да бийлеген түркү-монголдордун барлас уруусунун эмири Тарагайдын уулу Темирден (1336-1405) тарагандар – тимуриддер болушкандыгы маалым. Тамерландан  Шахруг (1407—1447), Улукбек (1447—1469), Султан Хусейн (1469—1505) жана Захридин Бабур (1483—1530) Орто Азияны, анын ичинде Фергананы ХVI кылымдын башына чейин кармап келишти.

Арал деңизинин түндүк талааларында көчүп жүрүшкөн 92 боолуу (уруулуу) өзбектердин ханы Мухаммед Шейбани (Сыбани. Сыбан хандын урпагы. Сыбан Батыйдын бир уулу, ал эми Батый Чыңгыз хандын тун уулу Жоочунун перзенти) Орто Азияны басып киргенде Фергананы Омар Шайыхтын уулу Султан Бабур бийлеп турчу. Бабур бир нече жолу шейбанид Мухаммед баштаган өзбек кошуундарынан Фергананы коргоп турду. Бирок сактап кала албады.

1511-жылы болуп өткөн Самаркандын жанындагы акыркы салгылашууда Бабур талкаланып, уулун, эки аялын, казынасын алып, бир топ нөкөрү менен Индустан тарапка качууга аргасыз болот. Бабур Индустанга түз эмес, Фергананын түштүгүндөгү тоолор аркылуу өткөн. Алай тоолорундагы Терек Даван менен өткөн деген да фактылар бар. Султан Лейлек районунун тоо этектерине жеткенде кош бойлуу аялы Сейдафак көз жарат. Жолдун алыстыгынан, куугундан чочулаган Бабур ымыркайды жол боюна баалуу буюмдар салынган кисеси жана алтын жалатылган тоголуу кемери (куру) менен кошо таштап кеткен.

Бул жерлерде кыргыздардын, кыпчактардын жана өзбектердин уруулары көчүп жүрүшкөн. Баланы таап алышкан жергиликтүү тургундар, анын Бабурдун тукуму экендигин баамдашып, кошо калтырылган баалуу буюмдардын эсебинен багып чоңойтууну чечишет. Көчмөн өзбектердин миң уруусунун ичинен эмчек эмизүүгө макулдугун берген бир аялды таап, ымыркайды ага тапшырышат. Балага Алтын Бешик деген ысым берилет. Бул окуя 1512-жылы болгон.

Фергананын жергиликтүү көчмөндөрү ымыркайдын кадимки Бабурдун насили экендигин көпкө чейин жашырып жүрүшкөн. Себеби, тимуриддердин сөөк өчтү душмандары шейбаниддер муну өлтүртүп коюшу толук ыктымал эле. Кийинки саясий күрөштөрдө кереги тийер деген үмүттө Алтын Бешиктин эрезеге жетиши менен ага төрт уруудан: кыргыздан, кыпчактан, жүздөн жана миңден төрт аял алып беришкен. Кийинчерээк негизинен миңдердин арасында чоңоюп, эрезеге жеткен Алтын Бешик миң уруусуна бий катары таанылат да, Аксыкент шаарында урмат-сый менен жашап калат.

Алтын Бешик миң уруусунан алган улуу аялынан Теңиржар аттуу уул көргөн. В.Наливкиндин пикиринде Теңиржардын тукумдарынын кийинки байтактысы Маргалаң болгон. ХVI—ХVII кылымдардын ичинде Алтын Бешиктин төмөнкү урпактары Фергананын бийи деген наамды алып келишкен: Жар Мухаммад, Абылкасым, Убайдулла (Султан Асыл бий), Чамаш бий (Шах Маст бий), Шахрух бий, Рүстөм бий. Акыркы бий 1694-жылы бийликке келген. Андан эки бала калган: Пазыл аталык жана Ашыркул. Рүстөм бийдин ордун Ашыркул ээлейт, анын уулу Шахрух бий 1709-жылы бийликке келет жана Кокон хандыгынын негиздөөчүсү болуп калат.

ХVIII кылымдын башында Фергананын түштүк-батыш бөлүгүндөгү тургундар Кожент бийи Акбото-кыргызды таанып, ал эми Фергананын борборунан чыгыш жакка карай созулган чөлкөмдөрү кожолордун теократиялык бийлигинин таасиринде болгон. Сопулардын орденине баш ийген кожолордун борбору Чадакта (Чартак, Наманган вилайети) жайгашкан. Маргалаң вилаейитинин бийи болуп турган Шахрух 1709-жылы алгач Риштанды (Өзбекстандын Фергана облусундагы тажиктер жашаган кыштак) каратып, күйөө баласы Акбото бийдин аскердик жардамы менен Наманган чөлкөмүнө басып кирип, бийлигин Фергана өрөөнүнүн күңгөй тарабына жайылтат. Ошентип Кокон хандыгы негизделген.

1721-жылы Кокон хандыгын негиздеген Шахрух бий дүйнөдөн кайткан. Анын ата-бабалары ХVI кылымдын башынан бери миң уруусунун расмий бийи аталып келишкендиктен, кийинки адабияттарда, айрыкча, советтик тарыхнаамада Кокон хандыгын негиздегендер көчмөн өзбектердин миң уруусунун бийлери болгон, ошого байланыштуу «Кокон хандыгы өзбектердин хандыгы» деген түшүнүк калыптанган. Чынында 1709-жылдан 1803-жылга чейин өзүлөрүн бий деп атап келишкен Кокон башкаруучулары ата жагынан тимурид, ал эми эне жагынан миңдер болуп чыгышат. Кокон ханы Алим хандын (1798—1810) тушунда калыптанган генеалогиялык санжырада тимурид тукуму Алтын Бешикти асырап алышкандар деп миңдердин, кыргыздардын, кыпчактардын жана жүздөрдүн (кээ бир булактарда түрктөр да кошулат) аталышы, алардын Фергана чөлкөмүндө ХVI кылымдан баштап эле саясий чөйрөдө тең аталык укукка ээ болгондугунан кабар берет.

Кокон хандыгынын акыркы ири хандарынан болгон Кудаяр хан Кокондук Молдо Нияз (өзбектерден чыккан ордо тарыхчысы), Зиябидин Максум (кыргыздардын төөлөс уруусунан чыккан тарыхчы аалым) сыяктуу окумуштууларга Кокон хандарынын генеалогиясын, династиянын түпкү тегин такташтырууга буйрук берип, китеп жаздырган. Ал китептердин негизинде Кокон хандарынын династиялык генеалогиясын төмөндөн жогору карай төмөнкүдөй ирээтке келтирүүгө болот.

Кудаяр хан, атасы Шералы хан, атасы Ажы бий, атасы Абдурахман бий,  атасы Абдукерим бий, атасы Шахрух бий, андан ары – Шахмаст бий, Султан Асыл, Абулкасым, Мухамед-Амин бий, Кудаяр султан (Теңир жар), Султан Илек (Алтын Бешик), Бабур падишах, Мирза Омар шейх, Мирза Султан Мухаммад, Абусаид, Мираншах, Амир Темир, Амир Тарагай, Амир Баркул, Амир Илингиз, Амир Анджил, Караджар нойон, Амир Сугуджин, Баруки хан, Ирумджи барлас хан, Кажулу батыр, Бартан хан.

Бартан хандын 10 уулунун бири Есугэй, кичүүсү Кажулу болгон. Есугэйден Темучжин (Чыңгыз хан), Кажулунун 9 урпагы Темирлан.

Андан ары Бартан хан, анын атасы Кабул хан, анын атасы Туман хан, анын атасы Байсункар хан, анын атасы Кайду хан, анын атасы Дутумнин хан, анын атасы Бука хан, анын атасы Бодончар.

Бодончардын энеси легендарлуу Алан Гоа, ал эми атасы энесайлык кыргыз Малик Баяуд болгон. Малик Баяуддун эне сайлык кыргыз экендигин француз окумуштуусу Реплю, немец окумуштуусу Рачневски, орус окумуштуулары Березин жана Кычановдор тактап чыгышкандыгы маалым.

Колдонулган адабияттар:

Бейсембиев Т.К. “Тарих-и Шахрухи” как исторический источник. —А—А., 1987.

Галицкий В.Я., Плоских В.М.  Старинный Ош. —Ф., 1987.

Гуревич Б.П. Международные отношения в Центральной Азии в ХVIII — первой половине ХIХ в.—М.,1983.

Кененсариев Т. Кыргыздар жана Кокон хандыгы.—Ош,1997.

Кененсариев Т. Алымкул Аталык.-Ош,1999.

Кун А. Л. Очерк  Кокандского ханства. // Известия РГО. —СПб., 1876.—Т.12. —Отд. 2.

Материалы по истории киргизов и Киргизии. —М., 1973.—Вып.1.

Мулла Нияз Мухаммед. Тарих-и Шахрухи. История владетелей Ферганы. —Казань, 1885.

Набиев Р.Н. Из истории Кокандского ханства.—Ташкент: Фан,1973.

Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства.—Казань,1886.

Плоских В.М. Киргизы и Кокандское ханство.-Фрунзе, 1976.

Сапаралиев Д. Взаимоотношения кыргызов с народами Центральной Азии и с Россией в ХУШ в.—Б., 1995.


Автор: Ташманбет Кененсариев

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор.

E-mail: tashkg@rambler.ru

Булак: Каганат.

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

10 + он жети =