Чоктал жана Ананьев айылдарынын аралыгына калыңыдыгы 150-170 см болгон кар жааган

0

Каганат.

• Эң бийик чоку — Жеңиш чокусу. Ал Какшаал тоо тизмегинде, бийиктиги деңиз деңгээлинен 7439 м.

• Кыргызстандагы эң бийик жана мөңгү өтө көп аймак — Ысык-Көл сырты. Ал деңиз деңгээлинен 2000-2500 метрден бийик жайгашкан. Тоң сырты, Жетиөгүз сырты, Сарыжаз сырты деп үчкө бөлүнүп, Ысык-Көл облусунун жалпы аймагынын теңиндейин түзөт. Сарыжаз жана Нарын дарыялары ушул жерден башталат. Республикадагы эң бийик жайлоо катары белгилүү.

• Эң бийиктеги көл — Чатыр-Көл. Ал деңиз деңгээлинен 3520,2 м бийик жайгашкан. Аянты 170,6 км2, узундугу 23 км, туурасы 11 км, тереңдиги батышында 18-19 м, чыгышында 8 метрге жетет. Балык болбойт.

• Бишкектеги эң биринчи 9 кабаттуу үй 1973-ж. Белинский жана Ленин проспектисинин кесилишине, алгачкы 12 кабаттуу үй 1982-ж. Тынчтык проспектисине (1-кабаты “Байчечекей” дүрдүнүйө дүкөнү) салынган.

• Бишкектеги эң биринчи 18 кабат үй 1970-ж. «Айчүрөк» дүр-дүнүйө дүкөнүнүн маңдайына курулган.

• Кыдыр аке Байсары уулунун күмбөз­эстелиги 1993­-ж. Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында курулган. Чыгыштын байыркы оймо-чийме үлгүлөрү менен архитектуранын азыркы талаптары эриш­аркак пайдаланылып, пайдубалынан төбөсүнө чейинки бийиктиги 14 м, ал эми маңдай жагы жерден 17,5 м. 70 миң кыштан курулган. Күмбөздүн архитектору, салган уста Табылды Байбосов. Азырынча мындан бийик күмбөз жок.

• Эң терең көл — Ысык-Көл. Эң терең жери 668,0 м.

• Эң чуңкур жер Лейлек районунда. Деңиз деңгээлинен 401,0 м төмөн.

• 1982­-ж. 25-27­-октябрда Ысык-Көлдөгү Чоктал жана Ананьев айылдарынын аралыгына эң калың кар жааган. Адегенде абдан күчтүү куюн болуп, андан кийин кар жаай баштаган. Кардын калыңдыгы 150-170 см болгон.

• Акыркы 2-3 кылымда байкалган эң күчтүү жер титирөө (чордонундагы күчү 10 балл) 1911­жылдын 4­январында Чоң­Кеминде болгон.

Автор: Ысмайыл Кадыров

Булак: Каганат

 

Бөлүшүү:

Пикир

19 − он алты =