КСДПчы депутаттар кайкалап кызматтык унаа мингилери келип…

0

Каганат.

Депутаттарга берилген артыкчылыктардан баш тартуу үчүн эл өкүлдөрү бир топ эле кызыл чеке болушуп, эки жаатка бөлүнүп жатышып, акыры кызматтык унаалардан араң баш тартышкан болчу.

Чет элдик кесиптештеринен айырмаланып, шайтан арабага минүүнү намыс көргөн депутаттар буга чейин да унааларды кайра кайтарып алуу керектигин айтып келишкен болчу.

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев да депутаттарга кызматтык унааларды кайтаруу керектигин билдирди.

Азыр депутаттар унаа жок иштей албай жатышкан имиш.

“Жаман катын терисин жыйбай иттен көрөт, башын жуубай биттен көрөт” дегендей эле эми жасалбаган иштин баарын депутаттар унаанын жоктугуна шылтоолоп кутулалы дештиби?

Шылтоо болбосоң коё кал, күндө коомдук транспорт менен эле ары-бери чапкылап жүргөн карапайым эл кантип күн өткөрүп жатты болду экен?

Акылы жетип турган, иш тажрыйбасы мол адам унаасынын бар жоктугуна карабай ишинин майын чыгара жасайт эмеспи.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

6 + 18 =