Кыргызстанда канча медересе бар жана канча бала диний билим алат?

Каганат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматы боюнча, 2013-жылы медреселердин саны 67ге, ислам жогорку окуу жайлары он бирге жетип, аларда билим алып жаткандардын саны 4565 адамды түзгөн. Бул тууралуу Тынчтык Инновациялар боюнча Булан Институту даярдаган материалда жазылган.

Ал эми 2017-жылы февраль айында Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгы медреселерде окуган балдардын саны 6 миң болгонун Булан институтуна билдирген.

Кыргызстанда учурда Ислам багытындагы 112 диний окуу жай Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өткөн. Алар Кыргызстан Ислам университети (мурунку Азирети Умар атындагы Ислам университети)11, Расул Акрам университети, Азирети Осмон Ислам институту, Нур аль-Ислам институту, Абдулла ибн Масуд медресеси, Мааткабыл уулу Шаршенбай медресеси ж.б. Андан сырткары Түркия мамлекетинин Диянет иштери башкармалыгы тарабынан каржыланган теологиялык окуу жайлар да ачылды жана алардын өзгөчөлүгү мамлекеттик үлгүдөгү диплом берилгенинде.

Анын ичинде медреселердин саны – 102, бирок иштеп жатканы – 78 медресе.

Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынан (КМДБ) алынган маалыматка караганда, республика боюнча 78 медресе учурда чындап иштеп жатат. Бишкекте 5, Чүйдө 28, Таласта 4, Ысык-Көлдө 1, Нарында 2, Жалал-Абадда 6, Ош облусунда 19, Ош шаарында 4, Баткенде 9 медресе бар. КМДБнын окуу бөлүмүнүн адиси Куштарбек Маматовдун айтымында, бул медреселерде 6 миңден ашык бала билим алууда. Медреселердин эң чаканында 20га чукул бала окуса, эң чоң дегенинде 200дөн ашпаган бала билим алат.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он эки + 4 =