Кыргызстандык спортчулар  кыргыз күрөш боюнча беш алтын медалды багындырышты

0

Каганат.

 Кыргызстандык спортчулар  кыргыз күрөш боюнча беш алтын медалдын ээси болушту.

Анкарада өткөн эл аралык турнирге Ооганстан, Казакстан, Монголия, Өзбекстан жана Түркиянын 100дөн ашык балбандары катышты.

Биздин спортчулар жети салмак категориянын бешөөсүндө лидер болушту.

Алтын байгелер Чыңгыз Русланбек уулу, Камбарали Хабибуллаев, Элдияр Алымкулов, Кадыр Хабибуллаев жана Максат Акылбековдо.

Жалпы командалык эсепте дагы Кыргызстанга эч ким теңелген жок.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

14 − 8 =