Мектептеги кечеге тамак алып келбеген окуучуларды кемсинткен мугалим иштен алынды

Каганат.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, Жумгалда окуучуларды кемсинткен мугалим иштен алынды.  

 Маалым болгондой,  Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы Крупской атындагы мектептин мугалими Перизат Курманкожоева педагогдун кадыр-баркына доо кетиргендиги үчүн иштен алынды.

Мугалим мектептеги бир кечеге тамак алып келбеген балдарды, кемсинтип, «силер кедейсиңер» деп урушкан.

Аталган мектептин директоруна сөгүш жарыяланды.

Ошондой эле буга байлныштуу билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева мугалимдерди педагогикалык этиканы сактоо талабы менен буйрук чыгарып, аны өлкөдөгү баардык мектептерге жөнөттү.

Буйрукта ар бир мектепте мугалимдердин чогулушун өткөрүп, тааныштыруу тапшырмасы да коюлат.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

эки × 5 =