Раззаковдун сөөгүн алып келүүдө Шадиевдин эмес Назаралиевдин салымы чоңбу?  

0

Каганат.

Биринчи вице-премьер-министрликке депутат Аскар Шадиевдин талапкерлиги жактырылгандан бери аны айга-күнгө теңеп мактаган кошоматчылар көбөйдү. Арасынан айрымдары Исхак Раззаковдун сөөгүн мекенине алып келүү демилгеси Шадиевге таандык болгонун жазышып, аны мекенинин чыгаан уулу да атап жиберишти.

Бирок чындык баары бир калкып чыгат эмеспи. Исхак Раззаковдун сөөгүн алып келүү идеясы Аскар Шадиевге таандык болгон, ошол киши демилгени көтөрүп, падышанын сөөгүн алып келгенге зор эмгек кылган деген ой-пикирлер боюнча журналист Наралы Асанбаев чындыкты жазып чыкты.

Ал падышанын сөөгүн алып келүү үчүн Шадиев бир аз тыйын короткону чындык экенин, аны эч ким танбай турганын жазып, бирок Раззаковдун сөөгүн алып келүү үчүн Шадиев Акаевди көндүргөн деген сөздөр карандай калп экенин жазат.

“Исхак Раззаковдун сөөгүн Мекенине алып келүү демилгеси эч качан Аскар Шадиевге таандык болгон эмес. Ал бул идеяны Аскар Акаевге кабыргасынан да койбогон. Аскар Акаевге ошол кездеги маалымат катчысы Каныбек Иманалиев “Жаңы Ордо” гезитинин жетекчиси Бекен Назаралиевдин айтуусу менен ошол идеяны жеткизген. Бул ишти аткарууда Бекен Назаралиев менен КТРдин биринчи жетекчиси, Раззаковдун кадры Рабия Менсеитова эженин эмгеги чоң. Бул иштин тарыхы да узун сөз болот. Тарыхты эч ким бурмалаганга акысы жок. Шадиевдин өзүнөн “сиздин идеяңыз беле?” деп сурасаңар “Ооба, падышанын сөөгүн алып келүү менин идеям, демилгем болгон” деп айтууга жарабайт. Айта да албайт. Менсеитова эже ар дайым “Кыргыздын жүз жылда бир жаралчу падышасы Исхак Раззаковдун сөөгү бөтөн жерде көмүлүп жатат. Түштүктүн мыктылары арданбайсыңарбы, уялбайсыңарбы? Аваңардын сөөгүн өз мекенине алып келгенге жарабайсыңарбы?!” деп ыйлай берет эле”,-деп жазат Асанбаев.

Ошондой эле Бекен Назаралиев: “Исхак Раззаковдун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү Абсамат Масалиевдин да колунан келбейт. Келсе бир гана Аскар Акаев алып келет. Ошол кишиге ушул идеяны жеткизели. Ал аялы Майрамды угат. Майрам Акаевага кат жазалы”- деп Менсеитованы көндүрүп, гезиттин редакциясында Майрам Акаевага Менсеитованын атынан кат жазып, эжени “Мээрим” фондусана жөнөткөн экен. Бирок Рабия эже Майрам Акаевага жолуга алган эмес.

Бул окуялар 1999-жылы болгон экен. Ошол маалда 2000-жылы боло турган президенттик шайлоого дардыктар башталып, Бекен Назаралиев президенттин маалымат катчысы, азыркы депутат Каныбек Иманалиевге кирип “Каныбек, Аскар Акаев кийинки жылы боло турган президенттик шайлоодо түштүктөн силер күткөндөй добушка ээ болбойт” дегенде, Каныбек Иманалиев: “Чындыгында түштүктөн добуш алуу оор болуп жатат” деп айтканын жазат журналист.

“Бекен Назаралиев “Аскар Акаев түштүктөн көп добуш алуунун бир жолу бар” дегенде, Каныбек Иманалиев “Кандай жол?” деп кызыгат. Назаралиев “Аскар Акаев азыр Исхак Раззаковдун сөөгүн Москвадан Кыргызстанга алып келе алса, анда түштүк эли Акаевге оойт” деген. Каныбек Иманалиев “Бекен байке, сонун идея экен. Мен Аскар Акаевичке жолугуп, эртең сизге жооп берем” дейт. Бирок, ошол күнү эле кечке маал Каныбек Иманалиев Бекен Назаралиевге телефон чалып “Бекен байке, сиздин идеяңызды Аскар Акаевич колдоду. Эртең Рабия Менсеитованы Ак үйгө ала келиңиз. Исхак Раззаковдун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү боюнча атайын комиссия түзүлө турган болду” деп кабарлаган.

Бул демилге ушундай жол менен Аскар Акаевге жетип, ал киши колдогон. Ушул идеяны президентке жеткизгенге аракет кылган Бекен Назаралиевди атайын комиссиянын тизмесине бийликти сындаган оппозициялык журналист деп кошпой коюшкан. Рабия эже “Ушул идеяны көтөргөн балам Бекен Назаралиевди дагы тизмеге кошуп койгула” деп суранса да кошушкан эмес. Аскар Шадиев эч качан бул идеяны Аскар Акаевге жеткизип, маселени кабыргасынан койбогон. Ал ошол кезде депутат катары атайын түзүлгөн комиссияга кошулган.

Раззаковдун сөөгүн алып келүү Аскар Шадиевдин идеясы, демилгеси, ошол алып келди деген жаңылыштык. Комиссияны да Шадиев жетектеген эмес. Борис Силаев жетектеген. Кеткен каражат мамлекеттин эсебинен коротулган. Рабия эже тарыхчы Кыяс Молдокасымов менен Адахан Мадумаровдун көзүнчө “Бекен балам жөн адам эмес. Падышанын сөөгүн мекенине алып келген” деп айткан. Каныбек Иманалиев да, Бекен Назаралиев да арабыз да жүрөт. Окуя боюнча чындыкты билгиси келгендер сурасаңар айтып берет. Кыяс, Адахан да ушул жерде. Рабия эженин айткан сөзүн тактап беришет. Бир адам үчүн тарыхты бурмалай берген Кудайга да жакпаса керек”,-деп жазган Наралы Асанбаев.

Аскар Шадиев ташка тамга баскандай тарыхты бурмалагысы келеби? Бийик кызматка баруу үчүн сөзсуз залкарлардын ысымын жамынып, элге калп-чындый койгулаштырган маалымат таратуу керекпи? Болуп өткөн окуяларды бурмалоо менен шадиев жаштарга үлгү болгону жатабы? Же бул чындык ачыкка чыкпайт, жабылуу аяк жабылуу бойдон калат деп ойлодубу?

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

17 − 7 =