Тарых тактасында: Сарымсак датка

0

Каганат.

 Сарымсак датка ушул мезгилге чейин тарыхтын көмүскөсүндө көпкө катылып калган мыкты, чыгаан датка болгон. Долон бийден Тагай бий, Тагай бийден Карачоро, Карачородон Багыш. Анын урпактарынын көрүнүктүүлөрүнөн: Чайкөз, Баястан, кийинкилерден Бекбото бий анан Сарымсак датка. Бекботонун алты уулунан Сарымсак Элтайдан кийинкиси, өзүнөн кийин Тойчу, Садырбай, Бешкемпир, эң кичүүсү Жедигер эле.

Сарымсак датка Аксы, Ала-Бука тарапта көбүрөөк жашаган. Анын чоң атасы Баястан баатыр болгон.  Баястан баатыр Абылай хандын чабуулун кайтарып, колун жеңип алган. Баястандан Бекбото бий болгон. Ал Кокон хандыгын тушунда чоң эрдиги үчүн Чоң Кара-Буура жерин тартууга алган  экен.

Бекботонун уулу Сарымсак жаш кезинде эле кыргыздын намысын коргоодо, эл арасында талаш-тартыш жүргөн учурда, уруу, улут арасындагы чатактарда кыргыздын биримдигин чыңдоого, жерлердин бүтүндүгүн сактап калууда ири иштерди жасаган. 1830–жылдары Сарымсак Ташкен, Анжиян, Кокон, Варзик, Чус, Ала-Бука, Талас жергесинде таанымал адам катары, өзү Таласта туулуп-өссө да, жашаган жери Наманган калаасы болуп, ал жерде акимчилик кызматты аркалаган. Өзбек, казак, тажиктер менен жакшы алакада болгон. Сарымсактын улуу аялы тажик кызы Зулайка, баласы Шатман, кызы Зулпия, Шадыбеги кыргыз аялынан, өзбек аялынан Нур, казак аялынан Боксыпыр дегендер болгон.

Сарымсактын аты чыгып калган кезде, хандыктагы ордо окуяларынын көбүн өз көзү менен көргөн. Ал мезгилде келечектеги Кокон ханы Шералы Таласта жашап турган болучу. Малдуу, жандуу, эки никелүү эле. Улуу аялы багыш Бекботонун кызы Соно болсо, экинчиси саруу Токтоназар датканын кызы – Жаркынайым болгон. (Токтоназар бийдин кыштоосу жайгашкан жер санжыраларда жана изилдөөлөрдө эки башка айтылат. Аны Таласта турган деген пикир да бар.

Бирок, көпчүлүк изилдөөчүлөрдүн пикиринде Токтоназар саруулардын баргы тобунун  бийи болуп, азыркы Өзбекстандын Наманган шаары менен Кыргызстандын Аксы районунун Кызыл-Жар кыштагынын ортосунда жайгашкан Уйчу, Кыз-Рават деген жерлерде жашаган. Улуу уулу Кедейбай датка (Гадай бий деп да берилет) Чартактын акими болуп турган. Кызы Жаркынайым Шералыга турмушка чыккан. (Кененсариев Т. Кедейбай датка.// Кыргыз тарыхы. Энциклопедия.-Бишкек,2003.- 225-б.; Ошол эле автор. Жаркынайым.// Заман-Кыргызстан. 2004-жыл, 26-март; Алымбаев Ж. Нүзүп бий: Илимий-популярдуу бейне.-Бишкек, 2000.).

Коконго Шералы хан болгондо (1842-жыл), Сарымсак датка Шералынын кан болгон күнүнөн баштап кан ордодо, бирден бир ишенген адамы болуп кала берди. Соно эжеси Шералыдан эки уул, эки кыздуу болгон, алар – Малабек, Сопубек, Аптаба, Маклар деген. Шералы экинчи аялы Жаркынайымдан – Абдырахманбек, Кудаяр, Султанмуратбек жана кызы Нарсүчү, Айжан, Саадатсүчү деген кыздуу болот. Акылман Жаркынайым көптөгөн ордо иштерине көзөмөл жүргүзгөн. Шералынын ордодогу иштерин жөндөп, күндөшү Сононун үкөсү Сарымсакты өз баласындай көрүп, ордонун эки ишин тең Сарымсак аркылуу башкартып турган. Биринчиси ордо адамы деген даражада болсо, экинчиси даткалардын улугу деген наамга жеткирип, ордонун ички жана тышкы иштерин ал аркылуу башкарткан. Ошол кезде даткалар бүтүндөй Сарымсак даткага түздөн – түз баш ийип, Шералы хандын оң колу болучу.

Сарымсак Кокондун кан сарайына шыр эле барган жок. Шералы кан болгонго чейин эле Наманган, Чуст, Варзик шаарларына мезгил-мезгили менен акимдик кылып келген. Барган жеринде дыйканчылык менен алек болуп, суу чыкпаган жерлерге суу чыгарткан, какыраган талааларды сугат айдоолорго, бакчаларга айланткан. Сарымсактын апасы Калбү Чустка жакын жерде Жой-Бөлөнт айылында арык чапкандарга башчы болгон. Арык казылып бүткөндө Сарымсак суу сактагыч (хауз, оут) курдурткан. Апасы Калбү ал жерде кийин мураптык кызмат өтөгөн. Эл арасында “Калбүбү мураб” деген аңыз кеп алиге чейин бар.

Сарымсак дубалчыларга Варзик жерине бийиктиги тогуз метр болгон мунара курдуруп, ошол жерге өзүнө үч кабат ордо-сарай салдырган. Ордосу бир гектардан ашык жерди ээлеп турган экен.

  Варзик – Чуст менен Ала-Буканын тең ортосу. Сарымсактын үчүнчү аялы Кокондогу өзбек темир устанын кызы болгондуктан, чоюн куюуучу усталарды алдыртып, үчүнчү кабатка төрт кулактуу чоюн казандарды уютуп жасатып, тамак жасоо үчүн очок куруп, экинчи кабатка меймандарды сыйлай турган ашкана, жатаканага жай болсо, биринчи кабатка жалаң ат-көлүктөрдү жайгара турган жай кылган, ал жерде төө, жылкы, качыр, эшектердин бекети болуп нары-бери каттагандардын эс алуучу жайына айланган. Чоюн очок 1928-жылы колхоздошуу болгондо Юсупбай деген тажик адамдын колунда сакталып калгандыгын ошол жерликтер жакшы билишет.

Сарымсак ордого чакырылгандан баштап Шералы хандын бийлигинин бекемделишине зор иштер жасаган. Ордодо бийлик үчүн күрөштөр тымызын дайыма жүрүп турчу. Шералынын тушунда Сарымсак Кокондо 1844–жылы «эшик ага» даражасына жеткен. 80 миң кишиден турган лашкарлардын курамын түзүп, аларга башчылык кылган. Шералы хандын тушунда кыргыз-кыпчак арасы ыдырап, эки тараптуу бөлүнүп-жарылуу пайда болгон. Кийин ал күчөп отуруп адыгине Алымбек датка менен кыпчак Мусулманкул миңбашынын ортосунда ич ара келишпөөчүлүккө жеткен.

Тактыга Кудаяр отуруп, анын 1844-1858–жылдардагы бийлигинин тушунда Сарымсак ордодо барктуу адамы катары кала берген. Бирок, 1858-жылы ноябрь айында Кокон ордосунда саясый күрөштөр башталып, ал Кудаяр хан менен аталаш бир тууган, Шералынын Соно айымдан туулган уулу Малабектин такка олтурушу менен аяктаган. Бул окуялардын жүрүшүндө түштүк кыргыздарынын көрүнүктүү инсаны, адыгине уруусунун баргы тобунун бийи, Алымбек Асан бий уулу негизги ролду ойногон.

Малабек өзүнүн такка олтурушуна көмөк көрсөтүшкөн кыргыз бийлерин — Адыгине уруусунун баргы тобунан чыккан Асан бий уулу, Курманжан датканын күйөөсү, 1831-жылы Мадалы хандын колунан датка наамын алып, Кокон хандыгындагы белгилүү мамлекеттик ишмер катары белгилүү Алымбекти алгач Анжыянга аким, кийинчерээк өзүнө баш увазир, Сейитбек датканы Кожентке аким, Молдокасымды Ноо чебине комендант, Алымбекке көңүлдөш, Маргалаңдын мурунку беги, кыргыз-кыпчак Өтөмбай бийди Ташкентке аким дайындаган (Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства.-Казань, 1886, 188-89-бб.; Галицкий В., Плоских В. Старинный Ош.-Фрунзе, 1987, 46-47-бб.).

Сарымсак датка болсо, Малабектин бир тууган таякеси катары ордодо дагы абройлуу адам катары кызматын уланткан. Ордодо Сарымсак датканын кыргыздардын бийлигинин бекемделишинде жасаган кызматы жогору болгон. 1858–жылы эле Кокон хандыгында сегиз адамга даткалык даража ыйгартууга көмөк көрсөткөн. Алардын ар биринин кылган иштери, эмгеги бааланган. Малабектин тушунда адыгине Алымбек датка, багыш Шер датка, багыш Сарымсак датка, ичкиликтерден Сейитбек, Полот даткалар хандыктын бийлик сересиндеги кадыр-барктуу инсандар болучу. Булардан тышкары кыргыздардан Кыдыр, Молдокасым, Стамбек, Шамурза, багыштардан Бешкемпир менен Сарыбай, курамалык Момун сыяктуу ири инсандар да бар эле.

Кудаяр 1862-жылы экинчи жолу такка олтурганда Сарымсак даткага көралбастык жана ага каршы кутумчулук иштер уюштурула баштаган. Кудаяр хандын тактан кетишине кыргыз, кыпчак бийлеринин аракети чоң болгондуктан, ал ордодо өзбек жана тажик кланына көбүрөөк таянган. Мындай кырдаалда кутумчулар Сарымсактан кутулуунун айла–амалын издешип, аны Кудаяр ханга тынымсыз жамандап олтурушуп, даргага асууга өкүм чыгартууга жетишкен. Сарымсак ак жеринен айыпка жыгылганы үчүн канга кайрылганына карабай, Кудаяр бузукулардын тилин алып, кан сарайда башына кап кийгизип, зынданга салдыртып, өлтүртмөк болот.

К.Бийлибаевдин жазгандарына караганда Сарымсакты даргага тартканча Кудаяр хан ашпозчу Абдыкеримге “өлбөстүн күнүн өткөргөндөй ченеп тамак берип турасың” деп дайындайт. Бирок кутумчуларга: ” Сарымсакты куткарганга ордодо катыша турган адамдар бар экен” — деген кабар жеткенден кийин, кан сарайдан чыгарбоого ханга буйрук бердиртип, ордонун төрт дарбазасына кыргыз, кыпчак, өзбектерге ишенишпей, тез аранын ичинде лашкерлерди тажик улутундагыларга алмаштырышканга жетишти. Алар тажик улутундагы дарбаза лашкарлары кыргыз, кыпчак, өзбек тилдерин билишпегендиктен оңой менен алдыртпайт деген ойдо болушкан.

Бирок, Сарымсактын уулу Шатман тажиктерге жээн, тажик тилин эң жакшы билген адам болгон. Аларга атасы Сарымсактын улуу аялы Зулайка, өзүнүн апасы тажик кызы экенин, кутум Малахандын жакындарына каршы уюшулган чагымчылык, бузукулуктун арты экенин айтып берет. Бир гана арга — кутум уюштуруучулар, эгерде Сарымсак аман калган болсо, кийин бизди жөн койбойт, деген ойдо, эртерээк Сарымсакты Кудаяр ханга жек көрсөтүп, кутулуунун аргасы бир гана дарга тарттыруу” деп түшүндүрөт. Тажик дарбаза лашкарлары Сарымсактын жактоочуларына кирген убакта түн жамынтып, бир дарбазадан киргизип, качкан убагында дарбазалардын бардыгын ачып берүү жөнүндө Шатманга убадаларын беришет.

Сарымсакты алып качуу боюнча алгачкы уюштурулган тымызын иш ишке ашпай, Кудаяр хан аны даргага тарттыруу ишин тездеткенге буйрук берет. Сарымсакты даргага тартаар күнү Шатман, тандалган куралдуу кырк жигити менен ордого кирип келип, Сарымсактын башын алганы жаткан айбалтачан баш кесердин башын кылыч менен кыя чабат. Ал жердеги ордодогу Сарымсакты колдогондор Шатманга ордодон качып чыгууга жардам беришет. Ордодо катуу кармаш жүрүп, Шатмандын жакшы куралданган жигиттери Сарымсактын качып чыгып кетүүсүн ишке ашырышты. Анын үстүнө ордодо Сарымсакты колдогондор көп болгон экен.

Качып чыгышкандардын артынан куугунчулар түшөт. Чуска келгенде айыгышкан катуу салгылашта куугунчулар кыйроого дуушар болуп, артка кетүүгө мажбур болушат. Абдыкерим, эртеби-кечпи, менин жардамым баары бир билинип калат деп өзүнүн үй — бүлөсүн Ташкенге көчүрүп жиберип, Сарымсактар менен кошо баса берди. Сарымсактын качып келе жатканын угуп, бир убакта жакшылык көргөндөр, меймандап калат.

Ошондо Сарымсак “Атыңарга сак болгула! Бул жерге көпкө турууга болбойт. Эгер ичи бузук, кошоматчылар жагыныш үчүн ат чаптырып жиберсе, куугунчулар бат эле жетип келет. Андан көрө камынгыла, тез арада жөнөп кетели” деп аттанышат. Сарымсактын айтканындай, артынан сая түшүшкөн Чотур баш болгон куугунчуларга жеткирбей, Ала-Буканы аралап, Итагар ашуусун ашып түшүп, тынбай жүрүп отурушуп, Чаткалга келип өргүшөт. Аркаларынан кутумчулар Чотур баштаган лашкарларга Сарымсактын кутулуп кетиши, өлүм менен тете болгонун өздөрү жакшы билишкен. Кандай болбосун Сарымсакты кармап кетүү үчүн, кууп жүрүп отурат. Куугунчулар Чаткалдын ичи Афлатумдун аскасынын жанындагы Арпа Төктүдө жетишет.

Чотурга Сарымсак эрөөлгө чыкмай болот. Бирок, атасынын бир тууганы Сарыбай жетимиш жашка келгенине карабай эрөөлгө чыгууга белсенет. Сарымсактын ордодогу көргөн азабынан алигиче ал күчүнө келе элегин байкап: “Ушу деп жүрсөк, Сарымсакты ажалга өзүбүз байлап бермек белек, эрөөлгө өзүм чыгам,-деп найзасын алып, ат ойнотуп, ортого камданып калганда, кушчу Байтерек: “Сарыбай аке! Кийин элде сөз калбасын, арсыздар жоого чалын чыгарды дешип. Андан көрө айгашка мени салгыла,-деп, ак сакалдуу Сарыбайдын сакалын жыттагылап, элдин батасын алып, кырк жаштагы Байтерек Сарымсактын мыкты кара айгырын минип эрөөлгө чыгат.

Чотур экөө эки жактан бири-бирин качыра сала, ат тизгиндерин коё беришип, бир сыйра кагышып өтүшөт. Экинчи качырышта Чотурдун аты мүдүрүлүп, оңкосунан кетет. Чотурдун колунан калканы ыргып, күйүккөндөн оозу ачылып калган чакта, Байтерек колкого найза урат. Найза Чотурдун желкесин тешип чыккан экен. Чотур батыр ошентип ажал табат. Байтеректи баары алкап, Сарымсак экөөн суу жээгине алып келишет. Сарыбай Сарымсак менен Байтеректин башынан суу айлантып, күн батышты көздөй чачып, көзүнө жаш алган экен.

Ошондо эки тарап тирешип калганда ортого Шатман чыгып: — Баарың илгеркиден калган салтты, наркты сыйлагыла, баатырлар! Аталардан келе жаткан баатырларды сыйлоо, даңазалоо салты бар! Баатыр эрөөлдө өлсө, кун менен куугун жок! Элди үндөп, бөөдө жоокерлерди кыргынга салбайлы! Кыйышып, кырчылдаган чакта душмандар баатырдык салтты туу тутушкан, эрөөлдө өлсө аза күтүшкөн, акылга келели! Силердин артыңарда ата-эне, катын-бала зар какшабасын, ушундайыбызда кызыл-кыргынга түшүп кан төгүшпөй, акыл менен тарайлы!, -дегенде, куугунчулар Чотурдун сөөгүн аттарына артып, азалап кайта артка кетишет. Сарымсакты ээрчиген канча деген ар уруунун жарандары жол жүрүп отуруп, Кара-Буура ашуусун ашып Талас жергесине, Сарымсактын туулган ата журту — Бекботонун коргонуна келип отурукташат.

Ошентип, Сарымсак кыраакылыгынан, мыктылыгынан өзүнө жакын кыргыздарды алып ордодон Таласка кетип, кайра ордодо бийлик алмашып чакырылганга чейин 1862-1869-жылдар аралыгында, Таласта даражалуу даткалык бийлигин жүргүзүп турган.

Кокондон качып келгенден кийин 1863-1864-жылдар ичинде Чүйдө Шабдандын элинде жашап, кайра Таласка келген. Таласка келгенде, артынан канча деген багыш уруусу тууган издей көчүп баса берген. Бирок, Таласта да тынчтык болбоду. Ал мезгилде Орусия империясы Түштүк Казахстанды каратып, акырындык менен Таласты көздөй басып келе жаткан эле. 1864-жылдын жай мезгилинде генерал М.Г. Черняев Талас өрөөнүнө кыргыздарды Орусияга каратуу боюнча согуштук аракеттерди жүргүзүп жаткан чакта Сарымсак датка таластык, чаткалдык кыргыздардын арасында орустарга каршы “газават” жарыялап, жанындагы өзүнө караштуу 200 жигиттин башында орус баскынчылыгына чечкиндүү каршылык көрсөтүп тургандыгы жөнүндө маалымат бар (Донесение подполковника Лерхе от 1 июля 1864 года.—Русский Туркестан. Сборник..—Вып.III.—56—60-бб.; Бартольд В. Тянь-Шань (Теңир-Тоо) кыргыздары ХVIII—ХIХ кылымдарда (үзүндүлөр). // В.В. Бартольд. Кыргыздар. //ЗК—1996.—6-сентябрь). 

Бирок, кыргыз элинин кийинки тагдыры чечилип калган болучу. Натыйжада 1865-66-жылы Таластын Карабуурасында турган Багыш кыргызынан Сарымсак датка 150 түтүн менен Орусияга баш ийип берген (Үмөтаалы Ормон уулунун Оруска караганы//Солтонове Б.Кыргыз тарыхы.-Б.,2003.-174-78-бб ).

Кийинки жай турмушта бир кезде Кокондон кошо келген Байтерек, Сейталы, Черибай жана ашпозчу — багбан Абдыкерим деген ишенимдүү жигиттер Сарымсак датканын атасы Бекбото бийдин коргонунда жашап калышкан. (Коргондун схемасы Таластагы Шадыбеков Зайнүдүн деген кишиде алигиче сакталып турат. Зайнүдүндүн атасы Батырбек, чоң атасы Шадыбек, Сарымсак датканын экинчи баласы болгон. Кезегинде Орус бийлигинин тушунда Шадыбек чоң болуш болгон экен).

 Бекботонун коргонуна отурукташкан күндөн баштап дыйканчылык иштерине баш-оту менен киришип, Кара-Бууранын ээн жаткан какыраган суу чыкпаган жерлерине суу чыгарууда, элге арык чаптырып, аскаларды жардыртып, тешкен тоо аркылуу суу өткөрүшүп, дыйкандар үчүн олуттуу иш жасаган. Арча, карагай, талдарды кыйдырып жерге жаткырып, таш менен бастырып, чым чаптырып, арыкты абдан кенен, бийик, терең чаптыртат.

Андан ары Бакайырды көздөй качанкы кылымдап жаткан какыраган талааларга суу чыгартып, жерлерди көгөртө эгин талаасына айландырды. Канча деген суу көрбөгөн жерлерди өздөштүрттү. Ошо кездеги салдырган арыгы кийин “Кара-Буура суу сактагычы” салынганга чейин деле ал жердин эли дыйканчылыкка сууну пайдаланып келген. “Сарымсак арыктын” узундугу 38 км жерге жетип, азыркы Аманбаев (Грозный) айылына чейин созулат. Каздырган арыктары 1865-1868-жылдарынын ичинде бүткөн экен.

Ал жердеги элдин айтымында: Сарымсактын тушунда бир дагы уруулук кагылыш болбоптур. Эл ынтымакта жашап келген.

Талас жергесинде багыш уруулары Кызыл Адыр, Бейшеке, Бакыян, Бакайыр, Кара-Буура, Чоң Кара-Буура айылдарында отурукташкан. Сарымсактын өзүнөн тарагандар ушу кезде 400 түтүнгө жетет, көпчүлүгү Чоң Кара Буурада орун-очок алып жашап, ошол “Сарымсак арыктан” суу ичишет.

Сарымсак кийин Кокон хандыгына 1869-жылы кайра чакырылат. Ал жерде кызмат кылып туруп, карыган кезде казак аялынан көргөн баласы Боксыпырдыкына кетип, Ташкенге жакын Бостондук деген жердин Жезалкан шаарында 1896-жылы, 96 жаш курагында каза болот.


Автор: Ташманбет Кененсариев

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор.

E-mail: tashkg@rambler.ru

 

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

9 + 7 =