Атамбаев ишке ашыра албаган долбоорду Исаков ишке ашырабы?

0

Каганат.

Бүгүн Премьер-министр Сапар Исаков 100 күндүк ишмердиги тууралуу журналисттерге маалымат жыйын берди. Анда ал Жогорку Нарын каскады ГЭСин курууга эки ишкана кызыгып жатканын, бул эки компания тең потенциалдуу инвесторлор экенин азыркы учурда сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.

-ГЭСтин курулушуна байланыштуу көп сөздөр болду. Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына эч ким келбейт” деген сөздөр жүрүп жаткан. Ал туура эмес. Долбоорду аягына чыгарабыз Мамлекеттик кызыкчылыгы корголот деп айта алам-деди Исаков.

Сапар Исаков азыр Камбар-Ата-1 долбоорундагы Орусиянын үлүшүн сатып алуу аракети көрүлүп жаткандыгын кошумчалады.

-Техникалык экономикалык түшүндүрмө 5 миллион доллар турат. Андан тышкары Орусия тарап киргизген акча да бар. Жакын арада аны да  чечебиз, — деди Исаков.

Эске салсак, Камбар-Ата 1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча 2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын “Русгидро” компаниясы аталган эки энергетикалык объект курмак.

Ал гана эмес Жогорку Нарын каскадын куруу үчүн тиешелүү жер тилкеси бөлүнүп, атайын жумушчулар шаарчасы курула баштаган. Аталган долбоордун жалпы баасы 727 млн. доллар деп эсептелген. Курамына төрт ГЭСти камтыган каскад жыл сайын 1 млрд. киловатт сааттын тегерегинде электр энергиясын өндүрмөк. Бирок бул жаатта иш шыр жүрбөй, үзгүлтүккө учурагандыктан 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган.

Орус тарап долбоор үчүн 37 миллион доллар коротконун айтып, денонсация шартына ылайык кыргыз тараптан бул сумманы төлөп берүүсүн талап кылган. Жогорку Кеңеш энергетикалык объектте анча өлчөмдө каражат кеткенинен шектенип атайын депутаттык комиссия түзгөн эле. Мындан соң кыргыз өкмөтү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга инвестор издеп келген болчу.

Бирок көп өтпөй кыргыз бийлиги Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга жаңы инвестор тапканын жарыялаган. Алгач  расмий айтылбай жаткан инвестор менен жакынкы арада келишимге кол коюлары кабарланган.  Орусия менен бирге курулушу башталып, орто жолдо токтоп калган ГЭСтер каскадын ким курганы жатат? -деген суроо коомчулуктун көңүл борборунда болгон.

Анан Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курулушун жандантууга жаңы инвестор табылганын ошол кездеги Ажо Алмазбек Атамбаев  Орусиядагы сапары учурунда шардана кылган. Ал аталган долбоор боюнча июль айында келишимге кол коюларын жарыялаган:

– Эми көз тийбесин деп айтпай жаткам, Жогорку Нарын каскадына буюрса инвестор табылды деп айтсак болот. Камбар-Ата ГЭСи абдан чоң потенциалы бар долбоор. Бул абдан кымбат жана абдан керектүү долбоор. Ал деле чечилет, бирок убагында оюндар жүрүп жатканда арай көз чарай кылып, Путинге сенин жигиттериң ойноп жатат, кийин өзүңөр өкүнөсүңөр деп ачык айттым. Ошондуктан келишимди жокко чыгардык. Бул долбоорлор салынат. Менин мөөнөтүм бүткөнгө чейин Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча келишимге июль айынын аягына чейин кол коюлат деп ишенем –деген Атамбаев.

Көп өтпөй  Атамбаев баш болуп мактаган инвесторлордун ким экени көп белгилүү болуп, ушул жылдын 10-июлунда кыргыз өкмөтү менен Liglass Trading CZ, SRO компаниясынын ортосунда Жогорку Нарын каскадына ГЭС жана чакан гидроэлектростанцияларды куруу жана пайдаланууга берүү боюнча келишим түзүлгөн. Инвестор өз каалоосу менен “Русгидро” ишканасына болгон 37 миллион доллар карызды төлөөнү мойнуна алган.

Бирок, 18-сентябрь күнү Liglass жетекчилиги Кыргызстандын өкмөтүнө 37 миллион долларды төлөө мөөнөтүн узартуу суранычы менен кайрылган.

Айласы кеткен Кыргыз өкмөтү ушул жылдын октябрь айында   Liglass Trading CZ s.r.o. компаниясы менен ГЭС куруу боюнча келишимди бир тараптуу жокко чыгарган.

Тиешелүү буйрукка 10-октябрь күнү, премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.

Булак: Каганат.

 

TagsГЭС
Бөлүшүү:

Пикир

18 − алты =