Бабанов мандатынан ажыратылабы?

0

Каганат.

Президенттик шайлоо өткөн соң экинчи орунду багындырган Өмүрбек Бабановго карата кылмыш иши козголгон болчу. 4-ноябрда   Башкы прокуратура Бабановго карата конституциялык түзүмдү күч менен басып алууга чакырык жасоо жана улуттар аралык, расалык же диний кастыкты козутуу беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Бирок депутат ошол маалда өлкө аймагында жок экени белгилүү болгон.

Өзү мекенинен алыс жүргөнү менен саламаттыгы жайында экенин билдирген Бабанов “Республика — Ата-Журт” фракциясынын лидерлигинен кетери тууралуу билдирүү да тараткан болчу.

Ал Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү жана демократия үчүн анын партиясы дагы деле иштеп жатканын жана иш аксабай, жигердүү жүрүүсү керектигинен улам фракция лидерлигинен кетип жатканын билдирген болчу.

Жогорку Кеңештин депутаты фракция лидерлигинен кеткенине 1 айга жакын убакыт болду. Ал чет жакта болгондуктан Жогорку Кеңештин жыйындарына дагы катышпай эле. Бирок мөңгү маселесинде ишеним кат аркылуу “каршы” добуш бергендердин катарын толуктаган.

Бирок маселе анда эмес. Учурда көпчүлүктүн бүйүрүн анын мандаты кызытууда. Жыйынга келбесе, өзү чет жакта жүрсө, депутаттык мандатын тапшыруусу керекпи же жокпу деп баш катыргандар четтен чыгууда.

Бул маселе боюнча БШК парламенттин же фракциянын өтүнүчү менен, себепсиз эле 30 жолу жалпы жыйынга келбесе анда ал депутат мандатынан ажыратыларын билдирди. Же сот аны айыптуу деп таап, ал чечим күчүнө кирсе гана эл өкүлү мандатынан ажыратылат. Бирок бизге жеткен маалыматтарга ылайык, азырынча Бабановго байланыштуу БШКга эч кандай даттануу түшө элек.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов “Республика” партиясын 2010-жылы негиздеген. Төрт жылдан кийин “Республика” жана “Ата-Журт” партиялары биригип, “Республика — Ата-Журт” фракциясы түзүлгөн.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

15 − он төрт =