Канат Исаевдин соту эртеңкиге жылдырылды

0

Каганат.

Бүгүн, 7-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши каралмак.   Бирок анын жактоочусу отурумга келбегендиктен эртең, соттук отурум эртең 8-декабрга саат 9:30га жылдырылды.

Эске сала кетсек, буга чейин сот Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган болчу.

Башкы прокуратура “Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган” деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган.

Андан соң депутат 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өзү колдогон талапкер Өмүрбек Бабанов утпай калса, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деген шек менен 30-сентябрда кармалган. УКМК аны менен кошо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да кармалганын кабарлаган.

Ага карата “кылмышка даярдануу”, “массалык баш аламандык” жана “бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

4 × эки =