КСДП – Кыргызстанды кылмышка шектүүлөрдүн партиясы жетектейби?

Каганат.

Кыргызстанда экинчи ирет бийлик күч менен алмашкандан бери алты жылдын жүзү карып, өлкөбүз дагы бир мамлекет башчыга ээ болду. Бири революция, айрымдары төңкөрүш деп атаган бул бийлик алмашуунун келип чыгуу себептери көпчүлүккө дайын. Мамлекеттин башкаруу системасын үй-бүлөлүк кландын ээлеп алышы, электр энергияга болгон тарифтин кымбатташына кошул-ташыл уюлдук байланыштагы ар бир чалуу үчүн 60 тыйындан алынып турганы күйө албай турган жалынга май чачкандай эле болгон.

А бүгүн абал кандай? Элдин нааразычылыгынан пайдаланып, тараза ташын өздөрүнө оодарган ошол кездин оппозициясы бүгүн бийлик башында отурашат. Бул жыл аралыгында алар элдин жашоосун кай жагына өзгөртүштү?   Кандай жаңылык киргизишти?  Үй-бүлөлүк башкаруу мамлекетке тамыр жайып, чырмооктой курчады деп элди жооткоткондор мамлекеттик башкаруу системасын жөндөмсүз, айдоочу, жансакчыларга алмаштырышты.  

Бакиев жана анын бир туугандары, балдары атасы-агасына кошулуп президенттик милдетти ашыгы менен аткарууда деген тараптар бийликке туугандарын эмес, бирок татыксыз кадрларга толтурду. Парламенттик башкарууга өтсөк, үй-бүлөлүк башкаруу болбой калат деп элди сооротушкан. Бирок партиялык башкаруу үй-бүлөлүк башкаруунун өзгөртүлгөн формасына айланды. Өлкөдөгү маанилүү кызматтардын көпчүлүгүн КСДП фракциясы ээледи. Парламенттик теңдик кармалбай калды. 

   Мамлекет башчысы “коррупцияга каршы күрөштү” баштаганы оппозициядан баштап, бийликте илээшип жүргөндөрдөн бери, балыгына да, чабагына да кылмыш иши козголду. 100 сом пара алганы да, мамлекеттик казынаны эңшерип кеткени да укук кылтагына илинди дейли. Бирок, бүгүнкү күндө бул күрөштүн натыйжасы жок. Жаӊы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүүнү түп-тамырынан бери жаӊылайбыз деп отурат. Анткени, Атамбаевдин бийлигинин тушунда коррупция менен күрөшүүнүн так көрсөтмөсү аныкталбады. Биринин соту создуккандан созулса,  айрым коррупция менен кылмыш иши козголгондор жарым жолдон акталып кетти. Керек болсо коррупция менен экономикалык кылмыштын айырмасы бар экендигине карабай, бир топтордун убалына дагы калышты.      

      Эми жогоруда айтылгандай партиялык системага өткөндө кандай натыйжа болду, буга да саресеп  салалы. Партиянын мүчөлөрү үчүн ошол партиянын аты жооп берет. Тизмеге адамдардын аты-жөнүн катарга тизе турган учурда ошол инсандын кандай экенине, эртеңки күнү партиянын абройун жерге түшүрүп койбосуна партия жетекчиси кепилдикке өтөт. Бул жагдайдан алганда, кылмыш ишине кириптер болуп, партиянын атын булгагандардын арбындыгы менен КСДП партиясы сап башында турат. КСДП фракциясынан коррупцияга шектелип, кылмыш ишине чейин баргандарды тизмелеп көрөлү: 

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Иса Өмүркулов жер тилкелерин мыйзамсыз өзүмдүк кылып алгандыгы үчүн кылмыш иши козголгон. Бирок, Атамбаевдин жакындарынын бири болуп саналган Иса Өмүркулов соттон акталды. Экс-президенттин “мыйзамга каршы иш жасаса баламды да соттой бергиле, аябайм” таризинде айткан пикири жарым жолдо калды.   Андан башка Балыкчы шаарынын мурдагы мэрии  Мирбек Бообековго   кылмыш иши козголуп, ал дагы соттон акталып кетти. Жадагалса, кыз зордуктаган деп убагында куугунтукталгандар да КСДПнын катарында мыйзамдуулук боюнча саймедереп отурганы калпбы?

Ооба, убагында КСДП фракциясы коррупция менен күрөшүүнү өздөрүнөн баштап, ич ара комиссия түзүп, мыйзамсыз аракеттерге баргандарды катарынан тазалоону чечишкени коомчулукка белгилүү. Бирок алардын бул популисттик кадамдары “Арак-Ликер” заводу боюнча ызы-чуу болгон Чыныбай Турсунбековдун, инсулиндик шприцтен кармалган Дамира Ниязалиевалардын окуясын  унуттура алышкан жок…

2013-жылы КСДПнын “жоктон” тапкан айымы Ирина Карамушкинанын айдоочусу мас абалында депутаттын кызматтык автоунаасын айдап бара жатып 2 адамды сүзуп бири каза таап, бири 35 жашында гүлгүндөй курагында майып болду. А депутат менен анын айдоочусу кандай жаза алды? Айдоочусу   Алексей Хурасаев 2 жылга шарттуу кесилди. Жадагалса жабырлануучуларга акчалай төлөм төлөтүү боюнча берилген арыз да каралган жок.  КСДП акыйкат менен чындыкты таразалай алгандардын партиясы болгондо айдоочу мыйзам негизинде “кунун” төлөп, Карамушкина коомчулуктан кечирим сурап, мыйзамды сыйлаганга үйрөнмөк.

 

Эми буларды  эскилер  десек, анда сыясы кургай электерди карап көрөлү. Ушул жылдын феврель айында башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаковго “коррупция” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Депутат Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүндө иштеп турган кезинде, 2010-2015-жылдар аралыгында мыйзамсыз 315- токтом чыгарган деп айыпталган.

Бирок, өлкөнүн башкы көзөмөл органынын мындай билдирүүсүнө Музаффар Исаков кылмыш иши эмне үчүн азыр козголуп жатканына таң калып жатканын билдирип, ийинин «куушуруп», ошону менен бул кылмыш иши дагы акырына чыккан жок. Болгону, фракция лидери катары «Биз партиялаштарыбызды коргоп чыкпайбыз» деп Өмүркулов бир бакылдады, андан ары иш эмне болгону, бир Башкы прокуратурага жана бир Жаратканга белгилүү. Анткени, Исаковдун ити дагы деле чөп жеп өзү Жогорку Кеңештеги жылуу ордунан жылган жок.   

Кыргызстанда кѳмүр деген сѳздүн ѳзүн укканда элдин баары Нурлан Мотуевди эстей турган. Эми дагы бир жаңы Улан Примов  деген ысым кошулган. Эл өкүлү  алгач Ош шаардык кеңешине «Республика» партиясынан шайланып, 2010-жылы Ата-Журт партиясынан парламенттик шайлоого аттанып, Жогорку Кеңешке жетүү кыялын КСДП менен ишке ашырган. Көрүнүп тургандай, КСДП партиясы Алмазбек  Атамбаев айткандай жалаң «тың чыкма жигиттерди» издейт же артында калбыры барлар  КСДП  партиясын издейт. Айтор, эки тарап теӊ бири-бирин издешпей  табышат.

    

Мисалы, коомдук активист Афтандил Жоробеков  тендерлерге Улан Примовго тиешеси бар ишкананын катышуусунун өзү мыйзам бузуу болгон деп бул боюнча УКМКга атайын арыз менен да кайрылган. УКМК бул иштин аягына чыктыбы же Примов бас-бас кылдыбы айтоор «артында калбыры  барлар» элге кантип мыйзамды сыйлашты үйрөтүүдө. Айта турган акылы жок болсо да байдын уулу Байгара сүйлөсүн дегендей бул партияга артындагы былыгын жашырып, эптеп бир мамлекеттик кызматка илешип калуу үчүн кимдер гана мүчө болгон жок.

Апрель окуясында башыман “алты” ок жедим эле деп, көчөгө чыкканын элге милдет кылганы да, мен төңкөрүштө алты адам алып чыккам дегени да догурунуп өлбөдүм дегени депутат, жетпедим дегени министр болду. Муну бүгүн ким калп деп тана алат? Бирок алардын билим деңгээли, көрөңгөсү бар беле? Жок! 

 Алдыда Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы  астында  Коопсуздук кеӊешинин алгачкы жыйыны өтө турганы малым болуп, анда  коррупция маселеси каралат экен.  Сооронбай ЖээнбековКоопсуздук кеӊешинин катчысы менен жолугуп,  коррупцияга каршы күрөшүү системасын кайра түзүү керектигин айтып, жемкорлукка каршы жаңы механизмдерди иштеп чыгуу зарылчылыгын белгиледи. Эми мындан кандай жыйынтык чыгат? Эл ишеним кылып отурган президент коррупция менен жаӊыча күрөшүүнү бийликчил партияны этектеп алып, кеткен президентти баш кылып көө жапкандардан тазаланабы? Же адаттагыдай эле «жаман көргөндүн бөркү казанбайтай» болуп, оппозицияга асылабы, аны мезгил көрсөтөт. Эмнеси болсо дагы КСДП партиясы «кылмышка шектүүлөрдүн партиясы» деген аттан арылса болду…..

  Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

7 − үч =